Жерге муз доору кайтышы мүмкүн

15 января 2021 Жерге муз доору кайтышы мүмкүн

Адистер эриген айсбергдер Атлантика океанына тузсуз сууну акырындык менен аралаштырып жатканын, бул процесс океандын циркуляциясын бузуп, Жер климатынын муздашына алып келет.

Антарктидадагы айсбергдердин эриши Жерди муз дооруна алып келиши мүмкүндүгүн РИА Новости Кардифф окуу жайынын изилдөөсүнө таянып жазды. 

Окумуштуулар белгилегендей, эриген айсбергдер Атлантика океанына тузсуз сууну акырындык менен аралаштырууда. Бул процесс океандын циркуляциясын бузуп, Жер климатынын муздашына алып келет.

Изилдөөчүлөр айсбергдердин эриши менен океандын айлануусу акыркы 1,6 миллион жылдагы ар бир муз доорунун башында болгонун аныкташкан.

Буга чейин илимпоздор муздун эриши жана глобалдык жылуулуктун кесепеттери Дүйнөлүк океандын деңгээлинин акырындык менен көтөрүлүшүн шарттап, суу каптоо коркунучу жараларын эскертишкен.

sputnik