Кафеде пенсия жашындагы аял балдардын энесин жыга тепти. Видео

15 января 2021 Кафеде пенсия жашындагы аял балдардын энесин жыга тепти. Видео

Бул мушташка балдардын жүрүм-туруму себеп болгон.

Нижний Тагилдеги үй-бүлөлүк пиццерияда коноктор мушташа кетишкен. Пенсионер эки аял балдардын ызы-чуу оюндарына нааразы болуп, балдардын энесин сөгүп, орой мамиле кыла башташкан.

Сөздөн сөз чыгып, акырында нааразы болгон пенсионер көп балалуу эненин жанына чуркап барып, аны секирип тепкенге аракет кылган. Мушташ чыгып, ага башка коноктор дагы кошулуп кеткен. Окуя видеокамерага түшүп калган.

Видео

- Эки аялга бир нече адам эскертүү берген. Алар коркутуп-үркүтүп, сөгүнүп, орой мамиле кылуусун уланта беришкен. Эмнегедир кызматкерлер эч кандай реакция кылышкан жок, мен үч жолу күзөт кызматын чакырып, аялдарды тыюуну өтүндүм. Күзөтчү келип, аларды жөн гана тынчтануусун же мекемеден чыгып кетүүсүн суранды. Натыйжада, алардын бири күтүлбөгөн жерден менин үстүмө секирип, тепкилей баштады, - деп жазган балдардын энеси социалдык тармактарга.