Митингге чыккандар Ак үйдүн дарбазасын талкалоого аракет кылышты

5 октября 2020 Митингге чыккандар Ак үйдүн дарбазасын талкалоого аракет кылышты

"Ала-Тоо" аянтындагы митингчилердин бир бөлүгү Ак үйдүн алдына барып, тосмосуна чыга баштады. Бул тууралуу жеринен кабарчы билдирди.

sputnik. Видео

Көп өтпөй айрымдары тосмого чыгып, бирок ары аша алган жок. Ошол эле учурда тосмонун ары жагына таш ыргытып жатышат.

Эске салсак, бүгүн түшкө чейин "Ала-Тоо" аянтында акырындан эл топтолуп, түштөн кийин шайлоодон утулуп калган сегиз партиянын башын бириктирген ири митингге айланган. Алар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүктү талап кылууда.

sputnik