Сайрагүл Дуулатова Президентке кат куржунга жазган катын жарыялады

30 ноября 2018 Сайрагүл Дуулатова Президентке кат куржунга жазган катын жарыялады

Журналист жана активист  Сайрагүл Дуулатова  Президентке кат куржунга жазган катын өзүнүн "фейсбуктагы" баракчасына жарыялады. 

Кайрылуусун толугу менен сиздерге сунуштайбыз.

Президентке кат куржунга жазган катым: 

Урматтуу Сооронбай Шарипович! 
Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Айбике айылынын ирригациялык каналын оңдоо боюнча кайрылуу.
Бүгүнкү күндө Айбике айылында 3250 калк жашайт. Элдин менчигинде 367 га суулуу жер бар. Бул айылда жарандардын турмуш-тиричилигин өткөрүүгө жер иштетүүдөн башка мүмкүнчүлүктөрү жок.

Себеби, айылда калкты жумуш менен камсыз кылган бир да ишкана, мекеме иштебейт. Менчик жерлердин эсебинен гана жашашат. Айылдын тургундары кургакчылыктан улам көп жылдан бери өздөрүнө тиешелүү жерлерге эгин эге албай, түшүм алуу дегенди билбей, таза суу ичүүгө зар болуп, өз жерлеринде өздөрү айтылгыс азаптарды тартып келишет.

Учурда айылдын тургундарынын көпчүлүгү Чүй областына, Бишкек шаарына жер которуп кетүүгө аргасыз болууда. Бул айылдын элинин бүгүнкү бийликтен ушул маселени чечип берет деген үмүтү зор. Айбике айылы караган Тогуз-Булак айыл өкмөтү дотацияда турган айыл өкмөт болгондуктан, айыл өкмөтүнүн бул иррагациялык каналды капиталдык оңдоого таптакыр каражаты жок. 


Урматтуу Сооронбай Шарипович, Айбике айылынын жашоочуларынын бүгүнкү абалын туура түшүнүү менен, көптөгөн жашоочулардын үмүттөрүн улап, аталган айылдагы иррагациялык каналды оңдоп-түзөөгө жардам көрсөтүүңүздү суранам.

Урматым менен, журналист Сайрагул Дуулатова

 

Булак: Сайрагул Дуулатова