Британиялык Hertfordshire Press басмаканасы “Elish and the Wicker Tale” комиксинин алгачкы бетачарын Бишкекте өткөрдү

11 января 2021 Британиялык Hertfordshire Press басмаканасы “Elish and the Wicker Tale” комиксинин алгачкы бетачарын Бишкекте өткөрдү

21 ноябрда Бишкекте “Рука в Руке” коомдук уюмунун жардамы менен аутизм оорулуу балдарды колдоо максатында чыгарылган англис сүрөтчү Тимур Ахмеджановдун “Илиш  жана Өрүлгөн Окуялар” комиксинин алгачкы бетачары уюштурулду.

Китептин бетачарына “Hertfordshire Press”тин басып чыгаруучусу Марат Ахмеджанов, проектти колдогон Евразиялык Чыгармачыл Гильдия (Лондон) уюмунун өкүлдөрү, жана "Рука в Руке" борборунун аткаруучу мүдүрү Галия Гаас катышышты. Жогоруда аталгандардан тышкары
иш-чаранын ардактуу коногу болуп Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчисинин жубайы Вероник Гарретт катышты.


Комикс “Рука в Руке” борборунун өкүлдөрүнө, борбордун камкордугунда болгон балдарга, алардын ата-энелерине, жана Евразиялык
Чыгармачыл Гильдиянын мүчөлөрүнө сунушталды. Иш-чаранын жүрүшүндө Марат Ахмеджанов комиксти жаратуу процесси, проекттин негизги идеясы, адамдардын колдоосу тууралуу айта кетип, коноктордун суроолоруна жооп берди.


Elish and the Wicker Tale (“Илиш жана Чиеленишкен Окуялар”) INDIEGOGO платформасында аутизм синдрому болгон балдарга коомчулуктун көңүлүн буруу максатында краудфандинг кампаниясынын жардамы менен басылды. Проект “жамгыр балдары” менен иштеген уюмдарга кайыр жыйноого багытталган. Бул себептен улам каражат топтоо кампаниясынын соңунда Кыргызстандагы аутизм борборуна комикстин авторунан 10000 сомдук сертификат жана китептин бир нече нускалары тапшырылды. Жакын арада Hertfordshire Press башка өлкөлөрдө
комикстин бетачарын өткөрүп, ар кандай кайрымдуулук уюмдарына жардам берүү акциясын улантууну пландоодо.

Мындан тышкары басмакана онкологиялык ооруларды  изилдөөчү уюмдарга арналган жаңы "The Final" кайрымдуулук проектин жарыялады. “The Final” - “Илиш жана Өрүлгөн Окуялар” сыяктуу дагы бир комикс. Анын автору, 12 жаштагы Даниель, рак эмне экендигин өз тажрыйбасынан билет, анткени анын чоң атасы ушул оорудан көз жумган. “Бул проекттин жардамы менен  мендей балдар рак оорулуу туугандары менен көбүрөөк убакыт өткөрүшсүн деп, онкологиялык оорулар менен күрөшкөн кайрымдуулук уюмдар үчүн каражат топтогум келет”.


Тимур Ахмеджанов “Илиш жана Өрүлгөн Окуялар” комиксин бирдей аталыштагы азербайджандык жазуучу жана балдар психиатры, Камран Салаевдин китебинин негизинде жаратты. Тимур Камрандын китеби менен шыктандырылып, аны иллюстрациялап, кийин ага жаңы дем берем деп комикс форматында чыгарууну чечти. “Мен өзүм комикстерди жана китептердин графикалык адаптацияларын аябай жакшы көрөм, анткени алар бир окуяны ар түрдүү жолдор, методдор менен көрсөтүүнү жана окуучуларга ыңгайлуу жана экспрессивдүү формада жеткирүүгө мүмкүн берет” - деп комикстин автору чечими тууралуу комментарийин берди. Белгилей кетчү нерсе, бул проект Тимур жакында уланта турган комикстик сериянын бир бөлүгү.


Китеп онлайн дүкөндөрдө сатылууда. Басып чыгаруучулар Илиш аттуу баланын окуясы менен көбүрөөк окурман таанышсын деп бул комиксти бир нече тилдерге, ошондой эле кыргыз тилине да которууну пландоодо.


Кошумча маалымат:
Hertfordshire Press - бул аймактык авторлордун китептерин, саякат тууралуу китептерди, журналдарды басып чыгаруу жана адабий фестивалдарды, форумдарды уюштуруу аркылуу дүйнө жүзүндөгү англис тилдүү окурмандарды Евразия менен бириктирген уникалдуу басмакана. 2002-жылдан баштап, басмакана Евразия элдеринин авторлорунун заманбап көркөм жана илимий-популярдуу чыгармаларын, ошондой эле актуалдуулугун жоготпогон, учурда англис тилинде жеткиликсиз классикалык чыгармаларды кайрадан басып чыгарууга адистешкен.

Eurasian Creative Guild (London) — бул искусствонун бардык чөйрөлөрүндөгү чыгармачыл адамдарды бириктирген, ишмердүүлүктүн кеңири чөйрөсүн камтыган жана таланттуу адамдардын бири-бири менен баарлашуу үчүн түзүлгөн жалпы платформа.


Контакттарыбыз:
ecgpromo@ocamagazine.com
publisher@ocamagazine.com
+44 7411 978955