Чек арачылардын айлыгы канчага көбөйөрү айтылды

7 мая 2021 Чек арачылардын айлыгы канчага көбөйөрү айтылды

УКМКга караган Чек ара кызматындагылардын айлыгы көтөрүлөт. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, чек арачылардын айлыгын көтөрүүнү өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы чатак башталганга чейин эле пландап жаткан.

"Чек арадагы жаңжал башталганга чейин эле өкмөт чек арачылардын айлыгын көтөрүп, УКМКнын кызматкерлеринин маянасына теңөө боюнча токтом долбоору даярдалган. Себеби аталган кызмат Улуттук коопсуздук боюнча комитетке өтпөдү беле. Документ боюнча бул үчүн 700 миллион сом керек. Учурда маселе дээрлик чечилип, эми токтомго кол коюу гана калды. Кыязы 1-майдан тарта чек арачылардын айлыгы көбөйүп, орточо эсеп менен беш миң сом кошулат", — деди Кармышаков.

Ал чек арачылардын эле эмес, Чек ара кызматында иштеген бардык кызматкерлердин маянасы көбөйөрүн да айтты. Андан сырткары, чек арачы пенсионерлерге да акча кошуларын белгиледи.


sputnik