Кармышаков: курулуш компаниялары баткендиктерге күзгө чейин үй салып берет

7 мая 2021 Кармышаков: курулуш компаниялары баткендиктерге күзгө чейин үй салып берет

Өкмөт менен жолугушуу учурунда курулуш компаниялары Баткенде чек ара чырынан турак жайы жок калгандарга 1-сентябрга чейин үй салып берүү ниетин билдиришти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборундагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, азыр качкындардын баарына убактылуу жашап туруу үчүн ӨКМдин чатырлары берилген.

"Президент үй-жайынан ажырагандардын баарына там салып берүү тапшырмасын койду. Бул багыт боюнча министрлер кабинети ишкерлер, анын ичинде курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдүк. Алар 1-сентябрга чейин жабыркагандарга бардык шарты менен үй салып берүү ниетин билдиришти", — деди экономика министри.

Кармышаков курулуш компанияларынын бири 30 үй салып берүүнү убадаласа, кээ бири 10, айрымдары 6-8ден там салууну айтышканын белгиледи.

"Жардам берем дегендер көп. Биз алардын баарын чогултуп туура жолго багытташыбыз керек. Республикалык бюджеттен кошумча 700 миллион сом бөлдүк. Анын 200 миллиону талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн ӨКМге берилсе, 500 миллиону чек ара чырынан жабыркаган башка объектилерди оңдоого жумшалат" — деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары социалдык объектилер республикалык бюджеттин эсебинен оңдоло турганын кошумчалады.

Ал өкмөттүн атынан өз каалоосу менен үй салып берем деген ишкер, курулуш компанияларынын жетекчилерине ыраазчылык билдирди.


sputnik