Баткенде дамба жырылып 1500 адам эвакуацияланды. Сүрөт

7 мая 2021 Баткенде дамба жырылып 1500 адам эвакуацияланды. Сүрөт

Баткен облусунда дамба жырылгандыгына байланыштуу 1 500гө жакын тургун эвакуацияланып, учурда кайра үйлөрүнө кайтышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 6-майда, саат 23:13тө Кадамжай районундагы Өрүкзар айылында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам № 12 дамба 4-5 жеринен жырылып, Кайтмас жана Өрүкзар айылдарына коркунуч жараткан. Мындан улам жергиликтүү тургундар эвакуацияланган.

Болжол менен саат 04:00дө суунун деңгээли төмөндөп, айыл жашоочулары үйлөрүнө кайтышкан. Жеринде 30 куткаруучу иштеп жатат.


sputnik