Түптө жүрөк үшүн алган жол кырсыктан 18 жаштагы улан көз жумду. Сүрөт

7 мая 2021 Түптө жүрөк үшүн алган жол кырсыктан 18 жаштагы улан көз жумду. Сүрөт

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол кырсыгы болуп, бир адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, кырсык 7-май күнү саат 00:57лер чамасында Шаты — Ичке-Суу— Талды-Суу унаа жолунун 1-чакырымында (Шаты айылы) болгон.

"Анда BMW-525 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Мунун кесепетинен 18 жаштагы бала каза болуп, автоунаанын ичиндеги 18 жаштагы үч улан жабыркаган", — деп айтылат маалыматта.

Жол кырсыгы катталган жерге ӨКМдин куткаруучулары тартылып, каза болгон жарандын сөөгү Тез жардамдын кызматкерлерине өткөрүп берилген. Ал эми жабыркагандар райондук ооруканага жеткирилген.


sputnik