Бийлик чек ара чырынан жабыркагандарга компенсация төлөөгө каражатты кайдан алат

7 мая 2021 Бийлик чек ара чырынан жабыркагандарга компенсация төлөөгө каражатты кайдан алат

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштан жабыркагандарга компенсация республикалык бюджеттен төлөнүп берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборундагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, компенсация төлөөгө мамлекеттин каражаты жетет.

"Кыргызстандын бюджет кодексинин 23-беренесине ылайык, жыл сайын мамлекеттик бюджет резерви каралат. Бүгүнкү күндө бул каражат жетиштүү. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, компенсация төлөп берүүгө 48,7 миллион сомго чукул акча керектелет. Бул сан өзгөрүп, такталышы ыктымал", — деди ал.

Кармышаков каражат резервден бөлүнүп жаткандыктан бюджеттин башка беренелери кыскарбай турганын белгиледи.

Баткенде жабыркагандарга ачылган ӨКМдин атайын эсебине 1 миллион 467 миң сом, Баткен облусунун райондук администрациясынын эсебине 45 миллион 735 миң сом түшкөнү маалым болду.


sputnik