Кыргыз-тажик чек арасын бөлчү чийин кайсы тилкелерде сызыла турганы айтылды

7 мая 2021 Кыргыз-тажик чек арасын бөлчү чийин кайсы тилкелерде сызыла турганы айтылды

Өкмөттүн маалымат кызматы Кыргызстан менен Тажикстан чек араны бөлө турган чийин сызыла турчу тилкелерди көрсөттү.

"1924-1927-жылкы улуттук-аймактык чектеп бөлүү жана 1989-жылкы паритеттик комиссиянын документтери Лейлек районунун аймагында жайгашкан № 43 чек ара чекитинен № 61 чек ара чекитине чейинки тилкени жана Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагында жайгашкан № 135 чек ара чекитинен № 141 чек ара чекитине чейинки тилкесин тактоодо гана пайдаланылат", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Ташиев аталган жылдардагы карталар ушул гана чек ара чекиттерин тактоодо колдонула турганын айтып, Ворух анклавынын буга эч кандай тиешеси жок экенин белгилеген.

Эскерте кетсек, 17-майга чейин топографиялык иштер жана кыргыз-тажик чек ара линиясын аныктоо Лейлек районундагы Максат, Кулунду айылдарында, Баткен районундагы Көк-Терек, Көк-Таш, Ак-Сай айылдарында, мындан сырткары, коңшу өлкөнүн Бабаджан Гафуров районундагы Овчи Калача айылында, Согди облусуна караштуу Чоркух, Сомониён, Ходжаи Аъло айылдарында жана Исфара шаарында жүргүзүлөт.


sputnik