Бишкекте бешинчи кабаттан кулаган жигит ооруканага жетпей каза болду

7 мая 2021 Бишкекте бешинчи кабаттан кулаган жигит ооруканага жетпей каза болду

Бишкекте курулуп жаткан турак үйдүн бешинчи кабатынан кулаган адам ооруканага бара жаткан жолдо каза болду. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Милицияга 5-майда саат 11:50дө шаардын Киев көчөсүндө салынып жаткан жаткан көп кабаттуу үйдөн эркек киши кулап кеткени боюнча билдирүү келген.

Жеринде аныкталган алдын ала маалыматтарга ылайык, 20 жаштагы жигит кырсыкка белгисиз жагдайда кабылган. Ал өзүнө келбей тез жардам унаасында көз жумган.

Кылмыш кодексинин 258-беренеси ("Коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча кылмыш иши козголгон. Экспертиза дайындалып, тергөө жүрүп жатат.


sputnik