Жапаров “Головной” суу бөлүштүрүү жайын модернизациялоо тапшырмасын берди

7 мая 2021 Жапаров “Головной” суу бөлүштүрүү жайын модернизациялоо тапшырмасын берди

Президент Садыр Жапаров "Головной" суу бөлүштүрүү жайын модернизациялоону тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Баткен облусуна болгон сапарында президент Садыр Жапаров “Бужум” аскердик полигону менен Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасына жакын жердеги Ак-Суу дарыясында жайгашкан “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайга барды.

“Мамлекет башчы суу бөлүштүрүүчү жайды жана объектти кайтарган аскердик бөлүк турган аймакты көрүп чыгып, тийиштүү мамлекеттик органдарга суу бөлүштүрүүчү жайды модернизациялоону тапшырды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Жапаров “Бужум” полигонундагы аскер кызматкерлеринин алдында сүйлөп жатып, мамлекет Куралдуу Күчтөрдүн алдындагы социалдык милдеттенмелеринин бардыгын аткара турганын жана күч түзүмдөрүнүн көйгөйлөрүн чечүүгө өлкө жетекчилиги тарабынан өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.


sputnik