Лейлекте аскердик шаарчанын курулушу башталды. Сүрөт

6 мая 2021 Лейлекте аскердик шаарчанын курулушу башталды. Сүрөт

Баткендин Лейлек районуна аскердик шаарча түшөт. Аталган облуска болгон сапарында президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, болочоктогу шаарчанын курулушуна капсула салды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы бул иш-чарага улай ал жергиликтүү эл менен жолугуп, делимитация жана демаркация иштери туурасында айтып бергендигин кабарлады.

"Жапаров мамлекеттин коопсуздуктун чек арадан башталарын жана чек ара маселеси анын президенттик ишинде приоритеттердин бири экендигин айтты", — деп билдирди маалымат кызматы.

Ал жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара байланышта иштеп жаткан мамлекеттик түзүмдөргө тапшырма берип, аларга жеке өзү көзөмөл кылып, ишин координациялай тургандыгын айткан.

Жергиликтүү калк Баткенге азыркыга чейин колдоосун билдирип, топтогон жардамын жөнөтүп жаткан Кыргызстан элине — мекендештерине ыраазылыгын билдирген.


sputnik