Евразиядык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүндө юристтердин, педагогдордун жана дарыгерлердин жумушка орноушуусу жеңилдейт, деп билдирет LS.
Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директорунун орун басары Олег Артамонов эске салгандай, азыр, келишимге ылайык, башка ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде дарыгерлердин, фармацевтердин, педагогдордун жана юристтердин жумушка орносуусу үчүн билими жөнүндө документти таануу жол-жобосунан өтүү зарыл. Андан кийин алар өлкөнүн мыйзамына ылайык ушул ишке кириши мүмкүн. Артамоновдун сөзү боюнча, азыркы учурда комиссияда келишимден ушул пунктту алып салуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат.
“Азыркы учурда аталагн маселе иштин (педагогикалык, юридикалык, медициналык жана фармацевтикалык) өзүнчө түрү боюнча жумушчу топтун алкагында Биримдикке мүчө мамлекетердин компетенттүү органдарынын серепчилери жана адистери менен биргеликте иштеп чыгууда”, - деп түшүндүрдү ал.
Артамоновдун сөзү боюнча, ЕАЭБдин жарандарынын мобилдүүлүгүн жана социалдык коргонгондугун жогорулатуу үчүн иштеп жаткандарга ал иштеп жаткан өлкөдө убактылуу жашоого укук берүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Ал аталган эреже бир жылдан ашык эмгек келишими түзүлгөн ЕАЭБдин жашоочуларына жайылтылат.
“Биримдиктин жарандарына мындай укук берүү жалпы эмгек рыногуна уруксат берүү жана жашоо режими боюнча болгон чектөөлөрдүн маанилүү бөлүгүн алып салышы керек. Ошондой эле, бул мыйзмасыз эмгек миграциясынын көлөмүн кыскарышына таасир этүүгө жана бирдиктүү эмгек рыногунда иш менен камсыз болуусунун ыңгайлуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет”, - деп түшүндүрдү директордун орун басары.
Комитеттин статистикалык маалыматы боюнча, Биримдиктин бирдиктүү эмгек рыногуна ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жумушчү күчүнүн негизги жеткирүүчүсү болуп Кыргызстан саналат.
Ал ортодо, Артамонов ЕАЭБдин жашоочулары үчүн квота бөлүү жана милдеттүү жумушка уруксат берүү алынып салынганын кошумчалады. Анын сөзү боюнча, алар бардык чөйрөдө эмгектенүүгө укуктуу. Экономиканын стратегиялык мааниге ээ айрым тармактары, ошондой эле жумушка орношуп жаткан мамлекеттин жарандыгы бар болушун талап кылган кызмат орундары өзгөчө бойдон кала берет.
“Ошентип, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилери үчүн Биримдиктин өлкөлөрүнүн жалпы эмгек рыногуна уруксат алуу боюнча чектөөлөрдүн маанилүү бөлүгү алынып салынды, бул жалпысынан биримдиктин аймагында мүчө мамлекеттердин жарандары тарабынан эмгектенүүсүн мыйзамдуу ишке ашырышына таасир этет”, - деп түшүндүрдү Артамонов.