Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү өзгөчө форматта өтө баштады

6 мая 2021 Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү өзгөчө форматта өтө баштады

Быйыл "Өлбөс полк" жүрүшү өзгөчө форматта өткөрүлүүдө, тагыраагы, ардагерлердин сүрөттөрү LED-экрандарга жайгаштырылды. Бул тууралуу иш-чаранын координатору Зульфира Хайбуллина билдирди.

Уюштуруучунун айтымында, сүрөттөр Чыңгыз Айматов проспектиндеги (өкмөттүк трасса) көпүрөнүн үстүндөгү экранга жайгаштырылды. Аны рекламалык агенттиктердин бири Улуу Жеңиш майрамына карата шаар тургундарына белек катары берди.

ВИДЕО

Сүрөттөр www.moypolk.ru сайтындагы аймактык уюштуруучулардын баракчасынан алынды.

Ардагерлердин сүрөттөрү улам кошулуп отуруп, трансляция майрам аяктаганга чейин жүргүзүлөт.

Эске салсак, быйыл Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшүнө уруксат берилген эмес. Буга эпидемиологиялык абалдын катаалдыгы себеп экенин борбор калаанын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев билдирген.

sputnik