Жапаров Максатка барып, жаңжалда курман болгондорго өзү куран окуду

6 мая 2021 Жапаров Максатка барып, жаңжалда курман болгондорго өзү куран окуду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Баткен облусуна жасаган сапарынын алкагында Тажикстандын кол салуусунан жабыр тарткан Лейлек районунун Максат айылына барды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жапаров талкаланган мектептин аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, жаңжалда курман болгондорго багыштап куран окуду.

Эске салсак, Лейлек районунун Максат айылына тажикстандыктар 29-апрелде кирген. 60тан ашык үй, мектеп, бала бакча, ФАП жана милиция бөлүмү аткылоого алынып, өрттөлгөн. Жашоочулары коопсуздуктан улам эвакуацияланган.

Президент бүгүндөн баштап Максат жана бүлүнгөн башка айылдарды калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери башталганын, аны эки айдын ичинде бүткөрүү каралганын билдирген.

Жапаров медициналык жардам көрсөтүү үчүн Баткен облусуна жиберилген мобилдик клиникалар жөнүндө да айтты. Донордук долбоор менен көчмө клиникалар беш жыл аралыгында республиканын бардык аймактарын кезек-кезеги менен кыдырып, бийик тоолуу жана алыскы райондордун жашоочуларына акысыз медициналык кызмат көрсөтөт.

Жапаров жакын арада Баткен облусуна өзгөчө статус берилип, курман болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнөрүн, жабыркаган ишкерлерге дагы жардам көрсөтүлөрүн айткан.

Эл Жапаровго мамлекет тарабынан колдоо, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесси, пенсия жана жөлөк пулдар, жоголгон документтерди калыбына келтирүү, жолдорду оңдоо жана башка маселелер боюнча суроо узаткан.

Буга чейин Максат айылынын тургундары курулуш иштеринен мурда чек араны белгилеп, тосуп берүү баарынан маанилүү экендигин айтып, суранган.

Маалымат кызматы жергиликтүү тургундар менен жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик органдарына бир катар конкреттүү тапшырмалар берилгенин билдирди.

sputnik