Мамалак менен достошкон шимпанзенин видеосу элди элжиретти

26 апреля 2021 Мамалак менен достошкон шимпанзенин видеосу элди элжиретти

Түркиянын ири зоопаркына Банчук деген аты бар мамалак алып келинген. Жаныбар өлкөгө мыйзамсыз киргизилгенден кийин куткарылган.

Мамалак жергиликтүү шартка бат көнүп, башка жаныбарлар менен достошууга жетишкен. Анын биринчи эле курбусу Кэн деген шимпанзе болду. Экөө бири-бирин зериктирбей күндү көңүлдүү өткөрүшөт.

Жаныбарлардын ойноп жатканын видеодон көрүңүздөр.



sputnik