Чопулдатып сүт эмип. Эки баштуу, төрт көздүү музоонун видеосу

23 апреля 2021 Чопулдатып сүт эмип. Эки баштуу, төрт көздүү музоонун видеосу

Фермер уникалдуу бул музоону канча жашаса ошончо жыл бакканга даяр экендигин, ага болушунча кам көрөрүн айткан.

Түндүк Македониядагы уй фермада эки баштуу жана төрт көздүү музоо туулган. Бул тууралуу Wis TV телеканалы маалымдаган.

Видеодон эки баштуу музоо бир оозу менен сүт ичкенде экинчи оозу кошо кыймылга келип жатканын көрүүгө болот.

Фермердин айтымында, жаныбарды карап чыккан ветеринар музоонун органдары азырынча кадыресе, толук кандуу иштеп жаткандыгын билдирген.

Адистер полицефалия сейрек кездешерин, мындай болуп туулган жаныбарлар көпкө жашабай тургандыгын айткан. Анткен менен фермер музоону канча жашаса ошончо жыл бакканга даяр экендигин, ага болушунча кам көрөрүн журналисттерге билдирген.

Полицефалия сүт эмүүчүлөр менен адам баласында жолугат. Эгерде эки эмбрион курсакта жатканда экиге бөлүнбөй калса, алардын эки мээси калыптанып, дем алуу жана тамак сиңирүү органдары бир болуп жарыкка келет. Адатта алар тез эле көз жумат, бирок узакка жашагандары да бар.


sputnik