Окумуштуулар уйку канча саатта жакшы канарын айтышты

7 декабря 2018 Окумуштуулар уйку канча саатта жакшы канарын айтышты

Илимпоздор 35 жаштан 70 жашка чейинки 116 миңден ашык кишинин уйкусу тууралуу күндөлүгүндөгү маалыматтарды анализдеп чыгышкан.

Изилдөөнүн жыйынтыгы Европалык кардиологдор коомунун журналына жарыяланды.

Илимпоздор 35 жаштан 70 жашка чейинки 116 миңден ашык кишинин уйкусу тууралуу күндөлүгүндөгү маалыматтарды анализдеп чыгышкан. Ага ылайык, алты сааттан сегиз саатка чейин уктаган кишинин уйкусу жакшы кана турганы аныкталган.

Ал эми сегиз сааттан тогуз саатка чейин уктагандардын жүрөк оорусуна чалдыгуу коркунучу 6-8 саат уктагандарга караганда беш пайызга жогору экени божомолдонгон. 9-10 саатка чейин уктагандардын олуттуу дартка чалдыгуу ыктымалдуулугу 17 пайызды түзсө, күнүнө он сааттан ашык уктагандарда бул көрсөткүч 41 пайызга барабар.



Дагы: sputnik.kg, фото - © Sputnik / Павел Лисицын