Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт. Даректери

22 апреля 2021 Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт. Даректери

Дем алыш күндөрү Бишкекте айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Эртең мененки саат 10:00дөн тарта ата мекендик өндүрүшчүлөр продукцияларын элге сунушташат.

Шаардыктар үч жерде уюштурулган жарманкеге бара алышат:

  • Раззаков көчөсүнүн Токтогул жана Киев көчөлөрү менен кесилишкен бөлүгүндө;
  • 12-кичи райондогу Нуркамал Жетикашкаева менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде;
  • Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.

Мэрия шаардыктарды санитардык нормаларды, аралыкты сактоо керектигин эске салды.



sputnik