Шевченкону теше тиктеген Енджейчик. Көз караштар таймашы

7 декабря 2018 Шевченкону теше тиктеген Енджейчик. Көз караштар таймашы

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен польшалык спортчу Джоанна Енджейчик жекшемби күнү боло турчу турнирдин көз караштар таймашында жолукту.

Видео MMAFighting спорттук порталынын YouTube-каналына жарыяланган

 

Чемпиондук наам үчүн кармаш 9-декабрда Торонтодо (Канада) өтөт. Ал UFC 231 турниринин башкы окуясы болору айтылган. Дагы бир маанилүү беттешти жеңил салмактагы чемпион Макс Холлоуэй менен Брайан Ортега тартууламакчы.

Торонтодо өткөн көз караштар таймашында Енджейчик атаандашы Шевченкого жакындаганда тизесин бүгүп, теше тиктегенин көрүүгө болот. Залдагы көрүүчүлөр мушкерлерди кыйкырык-сүрөөн менен колдогон.

Енджейчик каршылаштарына карата чагымчыл кадамдарды биринчи жолу жасап жаткан жок. Былтыр декабрда UFC уюмунун иш-чарасында атаандашы Роуз Намаюнастын мурдуна муштумун такаган. Мелдеште Намаюнас аны утуп, 52 килограмм салмактагы чемпиондук курунан ажыраткан.

UFC уюму күн мурда Валентина Шевченконун боло турган беттешинин проморолигин жарыялаган.



Дагы: sputnik.kg, фото видеодон алынды