Арстандарга жай бербей айласын кетирген таш баканын жылмайткан видеосу

21 апреля 2021 Арстандарга жай бербей айласын кетирген таш баканын жылмайткан видеосу

Түштүк Африкадагы Крюгер улуттук жаратылыш паркында туристтер кадимки эле таш баканын арстандарга көлмөдөн суу ичирбей айласын кетирген учурун видеого тартып алышкан.

"National Geographic Россия" сайты окуя жырткычтар зебраны жеп, суусунун кандырыш үчүн көлмөгө келгенде болгонун жазды.

Ургаачы жана эркек арстан суу ичип жатканда көлмөнүн ортосунан сүзүп келген таш бака алардын айласын кетирип, улам тумшук жагына тура калып жатканын кадрлардан көрүүгө болот.

Ага маани бербеген жырткычтардын бири алгач түшүнбөй, андан соң ары жылып суусунун кандырууга аракет кылган. Бирок колдун башындай болгон бул жаныбар айбанаттардын "падышасын" акыры көлмөдөн кетирип тынган.


sputnik