Аягына чейин турду. Крокодилдин оозунан суурулуп чыккан антилопанын видеосу

19 апреля 2021 Аягына чейин турду. Крокодилдин оозунан суурулуп чыккан антилопанын видеосу

Кениядагы Масаи-Мара улуттук паркында жырткыч менен гну антилопасынын катуу кармашы болуп, ал видеого тартылып калган.

ВИДЕО

Андан бир нече антилопанын суудан чыгып келе жатканын, бирок бирөөсү улам сууга кирип-чыгып далбастаганын көрүүгө болот. Ал крокодил менен алышып жаткан эле.

Жырткыч анын бутунан сууга тартып, жем кылууга аракет кылган. Бирок гну антилопасы артка чегинген эмес. Кармаш 25 секундага созулуп, акыры антилопа жырткычтын оозунан суурулуп чыгып кеткен.


sputnik