"Данакер" үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Нуриза Батырбекова агрессиянын келип чыгуу себебин жана ден соолукка тийгизген таасири тууралуу айтты.
Агрессиянын ар кандай түрлөрү бар. Алар: коргонуу үчүн, ачуубуз келгенде, бирөөнүн жүрүм-турумуна таасир тийгизүү максатында көрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Нуриза Батырбекова билдирди.
Анын айтымында, биологиялык жактан алып караганда, агрессия организм стресс абалга кептелгенде пайда болот.
"Адамдарда агрессия көп учурда өзүн коргоо үчүн жаралат. Бул биздин генибизге сиңип калган, адам жаралгандан бери келе жаткан нерсе. Психологияда агрессиядан коргонуу үчүн "токто, качып кет, кол сал" деген түшүнүк бар. Адамдар негизинен агрессияга ушундай мамиле кылышат. Ал эми азыр акыл-эстүү коомдо жашап жаткандыктан көпчүлүк адамдар өзүн-өзү көзөмөлдөп калууга аракеттенишет. Агрессия пайда болгон учурда аны басып коюу социалдык жактан жакшы болгону менен адамдын эмоционалдык саламаттыгына терс таасирин тийгизет. Андыктан аны чыгарып туруу зарыл. Бул үчүн спорт жакшы көмөкчү болуп берет. Адам кара күч жумшап көнүгүүлөрдү аткарганда же бир жумуш жасаганда маанайы көтөрүлүп, агрессивдүү абалдан чыгып кетет", — деди Батырбекова.
Психолог өжөрлүк да агрессияга кирерин айтып, бул анын жакшы жагы экенин кошумчалады.