Дарыканага кол салгандардын арасында 16 жаштагы бала болгон.

7 декабря 2018 Дарыканага кол салгандардын арасында 16 жаштагы бала болгон.

Кылмышка шектүү делип эки бала кармалып, үчүнчүсү изделип жатат.

Борбор калаадагы дарыканалардын бирине белгисиз адамдар кол салганын Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

Окуя боюнча билдирүү Ленин райондук милиция бөлүмүнө 23-ноябрда түшкөн. Маалым болгондой, белгисиз адамдар дарыкананын сатуучусуна тапанча такап, андан 22 миң сом алып, изин суутуп кетишкен.

Факты боюнча, Кылмыш кодексинин 168-беренеси ("Каракчылык") менен иш козголгон.

Кийинчерээк шектүү делип 21 жана 16 жаштагы жарандар кармалган. Алардын батиринен тапанча, бет кап жана баңгизат табылды. Экспертиза тапанча травматикалык экенин, ал эми баңгизат 25 грамм өлчөмүндөгү гашиш экенин көрсөткөн.

Учурда үчүнчү шектүү изделип жатканын милициядан кошумчалашты.

21 жаштагы бала эки айга №1 тергөө абагына киргизилсе, өспүрүм №14 абакка камалды.



Дагы: sputnik.kg, фото - © Sputnik / Табылды Кадырбеков