Дарыгер кандай учурда элдик медицинага таянып дарыланса болорун түшүндүрдү

19 апреля 2021 Дарыгер кандай учурда элдик медицинага таянып дарыланса болорун түшүндүрдү

Белгилүү бир абалдагы адамдарды элдик медицина менен дарылоо эффективдүү, бирок баары бир медиктердин көзөмөлүндө колдонуу керек. Бул туурасында Москва мамлекеттик университетине караштуу клиниканын эндокринологу Зухра Павлова Sputnik радиосунун эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жадагалса чоң апалардын кандайдыр бир ыкмаларына илимий негиздеме чыкса дагы аны өзү билемдикке сала берүү болбойт. Мисалы, дем алуу органдары ооруганда банка колдонуу жардам берет, бирок аны менен пневмонияны айыктыруу куру убарагерчилик.

Ал эми суук тийгенде горчица, бал, лимон, имбирь же малина кыямын пайдаланууга көпчүлүк көнүп калган. Деген менен дарыгер адам оор абалда жаткан учурда мындай каражаттардан даба издөө чоң жаңылыштык экенин белгилейт.

"Эгер дарыгер бейтапты текшерип, анын саламаттыгына йод торчосу, банка коюу, горчица коркунуч жаратпай турганын айтып макулдук берсе, колдонууга болот. Ал эми өзүнө өзү "дарыгер" болуп, ушул сыяктуу ыкмаларды колдонуунун кесепети оор болот", — деди Павлова.

Ошондой эле ал элдик медицина менен кандай учурда дарылоо керектигин бир гана дарыгер аныктай аларын эскертти. Себеби баары бирдей диагноз менен ооруган чакта дагы бирөөнө пайдасы тийсе, экинчисине тескерисинче зыян алып келиши ыктымал. Адамдардын организими ар кандай болорун айтат.

Соңунда эндокринолог элдик медицинанын эффективдүүлүгү далилденбегенин баса белгиледи.


sputnik