"Ош" базарынан 400 паспорт табылды. Дагы кандай документтер көп жоголот

7 декабря 2018 "Ош" базарынан 400 паспорт табылды. Дагы кандай документтер көп жоголот

Мамкаттоо кызматы жарандарды өз документтерине сак болууга чакырат.

 Акыркы эки ай ичинде Бишкектеги "Ош" базарынын аймагынан эле жарандар жоготуп алган 400 паспорт табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, жоголгон документтерди каттоого алып, ээлерине кайтаруу максатында Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти укук коргоо органдары менен кызматташат.

"5-декабрь күнү Ленин райондук милициясынын лейтенанты "Табылгалар бюросуна" 2004-жылкы үлгүгөдү 398 паспорт, 7 ID карта, 14 айдоочулук күбөлүк, 2 студенттик билет өткөрүп берди", — деп айтылат билдирүүдө.

Мамкаттоо кызматынан кошумчалашкандай, 2018-жылдын 1-январынан 1-декабрына чейин өлкө аймыганда 706 паспорт, 80 айдоочулук күбөлүк, 96 туулгандыгы тууралуу күбөлүк, 110 нике тууралуу күбөлүк жана башка документтер табылган.

Мындан улам аталган кызмат элди өз документтерине сак болууга чакырат.



Дагы: sputnik.kg, фото - © Sputnik / Жоомарт Ураимов