Бир көрүп сүйгөм. Издешпей табышкан Жолдош Жанжигит уулу менен Анара Ажыканова

16 апреля 2021 Бир көрүп сүйгөм. Издешпей табышкан Жолдош Жанжигит уулу менен Анара Ажыканова

Кыргызстанда театрдан, чыгармачылыктан табышкан түгөйлөр арбын. Алардын арасында актёр Жолдошбек Жанжигит уулу менен келинчеги, актриса Анара Ажыканова да бар.

Акчасы аз болгонуна карабай театрды, маданиятты таштабай, карьера, үй-бүлөнү бирдей алып кеткен өнөр адамдары, жубайларды Sputnik Кыргызстан агенттиги кепке тартты.

— Актёрлордун жашоосу катардагы үй-бүлөлөрдүкүнөн айырмаланабы?

Жолдошбек Жанжигит уулу: — Элден эч айырмаланбайбыз. Болгону үйгө барганда үй оокатынан сырткары роль жаттамай деген нерсе бар. Мен барарым менен жакшы көргөн диваныма барам да жатам. Ал эми Анара үй жыйнап, балдарын карап, тамак жасап, айтор, тиричилик менен алек болот. Эртеси театрга барганда Анара баягы берилген ролду жаттап, шакылдап айтып берет, мен болсо жаттабай барам. Анан мени режиссёр урушат. Көрсө, келинчегим үй жумуштарын жасап жатып эле баарын кайталап жүрө берет экен. Негизи эле мен ролдорду аябай оор кабыл алам. Бир сыйра жиним келип, баары менен урушуп анан өзүмө келем.

— Аял кишинин көбү эле үйүнө барганда эс албай тиричилик менен алек болсо керек. Бизде маданиятка көңүл аз бурулат эмеспи, театрга баргандардын саны да азайды. Мындан улам театрды таштап башка тармакка кетип калууну ойлонгон эмес белеңиздер?

Ж.Ж.: — Ал туура. Биздин үлүш жерибиз, мал-жаныбыз жок, бизнес менен алектенбейбиз. Жалаң гана чыгармачылык менен отуруу азыркы заманда кыйын. Бирок тирүү адамдын ар бирине берилген ырыскысы болот экен. Арзыбаган айлыгыбыз берекелүү, шеринеге да, башкасына да жетет (күлүп).

Айлыктын аздыгынан 2001-жылдан 2017-жылга чейин тамада болуп иштеп, андан кийин токтоттум. Себеби адам андан деле эс алгысы келет экен. Өмүрү тааныбаган адамыңды жерге-сууга тийгизбей мактаган деле оңой эмес да. Азыр айрым учурда дос, тааныштар суранып чакырса, той алып барып калам. 2017-жылы тойду токтотуп, Москвага барып президенттин алдындагы Башкаруу академиясында саясат таануу факультетинде билим алдым. Андан кийин Бишкектеги Жаш көрүүчүлөр, Нарын драма театрларын башкардым. Нарын драма театрын башкарып жүрүп өкмөттүн, министрликтин колдоосу жок эле кыска метраждуу "Тайлак баатыр" көркөм тасмасын тарттык. Аны тартууга жергиликтүү эл, театр артисттери жана ишкерлер колдоо көрсөтүштү.

— Анара эжени да теледен, тасмалардан көп көрбөй калдык. Башка тармакка кетип калган жоксузбу?

Анара Ажыканова: — Театрды таштаган деле жокмун, болгону теледен көп чыкпай калдым. Мурда "Учур" теле театры иштеп турган убакта "Бөбөк сенин жомогуң", "Учурдун ыр-күлкүсү" деген берүүлөр чыгып турчу. Азыр алар тартылбай токтоп калган. "Учур" мурдагыдай теле эмес жөн эле театр. Чыгармачылыкты таптакыр таштап, киного тартылбай калдым деп айта албайм. Акыркы жолу режиссёр Бакыт Мукулдун "Акыркы көч" тасмасында роль жараттым. Андан тышкары, жаш режиссёрлордун фильмдерине тартылып жатам.

Ж.Ж.: — Анара өтө жөнөкөй, өзүн көп жарнамалабай бербейт. Маекке да эптеп көндүрүп келдим. Буга роль берсе унчукпай алат дагы, премьерада катыра ойноп коёт. Режиссёрлор бир иштешкенден кийин тасмаларына кайра-кайра чакырышат. Жакында эле Бакыт Мукулдун "Акыркы көч" тасмасына тартылды. Ал киши "Жоки, аялыңды буга чейин эмнеге катып жүргөнсүң, ролду укмуш аткарат турбайбы. Анара ролду сүйлөбөй эле ойноп коёт экен" деп жогорку баасын берди. Негизи жакшы актёр режиссёрдун табылгасы да. Тасмага тартылууга чакыргандар көп. Бирок биз баарына макул болуп тартыла бербейбиз, айрымдарынан баш тартууга туура келет.

— Сиздерди театр табыштырды беле? Жаңы таанышкан күнүңөрдү эстеп айтып бересиздерби.

Ж.Ж.: — Анда экөөбүз тең 11-классты жаңы бүтүп, окууга тапшырганы келгенбиз. Ошол мезгилде Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайга тандоо болуп жаткан. Мен Чүйдөн, Анара Таластан келиптир. Экөөбүз тең тандоонун 1-2-туруна жетишпей, кийинки сынакка катышканбыз. Анараны сынакка барганда тепкичтен көрүп эле жактырып калгам. Ичимен "сынактан ушул кыз да өтсө экен" деп тиленип койгом. Ошентип сынактан өтүп, Москвага жөнөдүм. Поезддин ичинен Анараны көрүп калып аябай сүйүнгөм. Кудайдын буйругу менен экөөбүз кыз-жигит болуп, андан кийин окууну бүтө электе Москвадан эле баш кошконбуз. Элге окшоп лимузин жалдабай эле бир рублден чогултуп чуваш, якут, корей студиялары менен той кылганбыз. Кеткенде жалгыз болуп кетип, кайра Кыргызстанга экөөбүз, курсактагы бала, диплом менен комплект болуп келгенбиз. Ошондуктан мен Москваны жакшы көрөм.

Бул жакка келгенде Анара экөөбүз КТРКнын алдында түзүлгөн "Учур" деген алгачкы теле театрда чогуу иштедик.

— Анара эже, Жолдош байке сизди бир көрүп жактырып калганын байкап, сездиңиз беле?

А.А.: — Мен чынын айтсам байкабаптырмын. Жолдошту поездде бара жатканда көргөм.

Ж.Ж.: — Сезимдерин эми ачык айта баштады (күлүп).

— Жолдош байке, театрларды башкарып, жетекчилик кызматтарда иштеп жүрөсүз. Буга Анара эженин салымы да чоң болсо керек. Ийгиликке жетүүдө жаныңдагы адамдын колдоосу маанилүү эмеспи.

Ж.Ж.: — Бул жагынан келинчегим менен абдан сыймыктанам. Дайыма колдоп-коштоп турат. Москвага окууга тапшырарда "Жоки, окушуң керек, анын келечеги бар" деп автоунаадан бери саттырды. Үйдө колдоо болбосо кайдагы ийгилик, жумушуң да жүрбөй калат. Мен окууга, жумушка, сыртка кеткенде балдарды өзү карап калат. Ушул деңгээлге Анаранын 90 пайыз колдоосу менен жеттим. Келинчегим дайыма "Жоки, сен иште, сен бар" деп турат. Экөөбүз тең актёр болгонубуз менен Анара үй-бүлөнү биринчи орунга коюп, турмуш-тиричиликке мени көп аралаштырган жок. 

— Анара эже, Жолдош байкенин мыкты актёр, үн коштоочу экенин билебиз. Ал эми үйдө кандай ата?

А.А.: — Жолдош абдан күйүмдүү. Кайсы жерде жүрбөсүн "үй жылуубу, курсагыңар токпу?" деп сурап турат. Үй-бүлө биринчи орунда.

— Үйдө пикир келишпестик жаралса, кырдаалдан кантип чыгасыздар?

Ж.Ж.: — Мындай кырдаалга көбүнчө мен кептейм. Анткени дос-тамырым көп, алар менен ашыкча майрамдап кетебиз. Анара экөөбүз кээде Алыкул менен Зейнептейбиз. Ал Алыкулдай бир жумалап сүйлөбөй койсо, мага андан өткөн жаза жок. Эми мындай учур анда-санда болот. Калганы Кудай кут кылсын, жакшы. Болор-болбоско деле урушуп-талашпайбыз, бири-бирибиздин ишибизге кийлигишпейбиз.

— Экөөңүздөр театр же кинодо чогуу роль жараттыңар беле. Мисалы, жубайлардын же түгөйлөрдүн дегендей.

Ж.Ж.: — Жок. Экөөбүз бир үй-бүлө болгону менен театрда чогуу ойногон ролдорубуз жок. Ошентип чечкенбиз.

— Баш кошуп бирге түтүн булатып келе жатканыңыздарга 20 жылдан ашыптыр. Бул аралыкта турмуштун өйдө-ылдыйын көрдүңүздөр да. Бактылуу, бекем үй-бүлө курууда эмне маанилүү деп ойлойсуздар. Балким, өзүңөр жасай албай калган нерселерден сабак кылып айтып берерсиңер.

А.А.: — Үй-бүлө бекем болуш үчүн биринчи сабыр керек го деп ойлойм. "Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр" деген кеп бар. Экөөнүн бирөө кичине көтөрүмдүүрөөк болушу шарт. Мисалы, Жолдош менен болор-болбос нерсе үчүн талашып-тартыша бербейм. Айрымдар майда нерсеге деле күйөөсүн аралаштыра берет. Мен ал туура эмес деп ойлойм. Бирок балдар маселесине келгенде атасы менен кеңешем. Жолдош маселени бат, анан тарс эле чечип коёт. Ошол сапатын баалайм. Менде жок мүнөз Жолдошто, анда жок мүнөз менде бар. Жубайлар бири-бирин толуктап, оокатты кеңешип кылганы жакшы го деген ойдомун. Анан бири-бирин уга билиш керек.

Ж.Ж.: — Ар бир үй-бүлө өзүнчө токой да. Кыргызстанда канча үй-бүлө бар. Алардын ар биринин өзүнүн купуя сыры бар. Биздин үй-бүлөнү ала турган болсок, балдарыбызды эркин кармайбыз. "Аны кылба, бул ийримге барба" деп чектөө койбойбуз. Анын үстүнө мен атасыз, Анара энеси жок өскөн. Өзүбүз көрбөгөн нерсени балдарга көрсөткүбүз келет. Балдарды чектеп, урушмай жок. Каалаган ийримдерине барышат. Улуу балабыз 20га чыгып кол арага жарап калды. Азыр бизге акыл айта баштады. Бир жыл Кытайга барып окуп келди. Баланын сыртка чыгып келгени деле жакшы экен. Ошол жактан көп нерсени үйрөндү окшойт.

— Балдарыңардын силердин жолду жолдогонун каалайсыздарбы?

Ж.Ж.: — Апаң экөөбүздүн эле артист болгонубуз жетишет дей беребиз. Алар башка жолду тандаса, балким, кыйналбай бактылуу жашайт чыгар деп ойлойсуң. Бирок азыр кичинекей, чоңойгондо кандай тармакты тандаса да биз аларды колдойбуз. Улуу балама "жашсың, чет өлкөнү көрүп кел, оку, иште" деп жатабыз. Экинчи уулубуз ар кайсы ийримге барып көрдү. Азыр сүрөт тартып жүрөт. Ушул чыгармачылыкка жакын болот окшойт деп ойлоп жүрөбүз. Кызыбыз али кичинекей.

Негизи биздин жумуш баркталбаган кесип. Эл космоско учуп, поезд куруп, автоунаа жасап жатат. Биз болсо "сен апасы, мен атасы" деп кино тартып жатып кээде "ушу да жумушпу" деп ойлоп кетесиң. Бирок аймактарга барып калганда эл колуңду кармап, алкап, сени менен сүрөткө түшүп, сыйлаганда төбөң көккө жетип калат.

— Бул кесипти тандап алганыңар үчүн өкүнбөйсүңөрбү?

Ж.Ж.: — Эгер мага дагы бир жолу тандоо берилсе ойлонмокмун. Кокус мамлекет бай, маданиятыбызга Европадагыдай көңүл бурулса, кайра эле ушул кесипти тандамакмын. Эгер абал ушул эле бойдон калса, анда башка тармакка кетмекмин.

А.А.: — Актриса болуу — бала кезимдеги кыял. Айлыкты көрүп, балдар чоңоюп калганда "каап, башка эле кесипти тандап кетпей" деп ойлоносуң. Бирок театрдын тузу оор деп коёт. Айлыгы аз болсо да театрда жүргөндө өзүңдү бактылуу сезесиң. Сыртта эмне болуп жатканын театрга киргенде унутуп, өзүнчө дүйнөгө киргендей болосуң. Театрдан алган акчабыз берекелүү, баарына шүгүр кылабыз.


sputnik