Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адиси, энтемолог Гүлкайыр Орокчиева кене энцефалити мээ, жүлүндү жабыркатарын айтты.
Кене энцефалити борбордук нерв системасын жабырката турган курч кармоочу вирустук оору. Ал адамга кене чакканда анын шилекейи аркылуу жугат. Миңдеген түрдүн ичинен иксод кенеси дал ушул вирусту алып жүрөт. Бул тууралуу Гүлкайыр Орокчиева билдирди.
Анын айтымында, кооптуу кенелер Чоң-Кемин, Ала-Тоо жана Тескей Ала-Тоонун токойлуу жерлеринде көп кездешет.
"Тоого, токойго эс алууга чыккан учурда кенелердин жабышып алуусун алдын алуу үчүн кийимдерди, денени текшерип карап туруу керек. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, кенелерди качыруучу ар кандай крем, мазь, аэрозолдорду колдонгон оң. Күн кандай гана ысык болбосун, жеңи узун кийим кийүү зарыл. Ошондой эле багалекти байпакка кымтып, моюнду жука жоолук менен ороп алыңыздар. Эс алуудан кайткан учурда адамдар өзүн жана бири-бирин кылдаттык менен карап чыгуусу керек. Эгерде денеге кене жабышып алса, баш бөлүгүн жип менен тегеретип байлап, май тамчылатып туруп, денесин башынан үзүп албастан жиптин эки учун кылдаттык менен акырын тартып алуу керек. Жабышкан кенени алган учурда эч качан аны сыгууга, басууга болбойт. Анткени баскан учурда вирусту организмге жуктуруп алуу мүмкүн. Кене чаккан жерди спирт же йод менен сүртүп коюу керек. Кенени алгандан кийин айнек идишке салып аймактык Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна тапшырса, дарыгер кененин түрүн аныктап, ага жараша чара көрөт", — деди Орокчиева.
Дарыгер мээ, жүлүндү жабыркаткан энцефалитти өз учурунда дарылабаса майыптыкка же өлүмгө алып келиши мүмкүндүгүн кошумчалады.