Кара-Көлдө ИИМдин ички аскери ефрейторду кокусунан атып алды

13 апреля 2021 Кара-Көлдө ИИМдин ички аскери ефрейторду кокусунан атып алды

Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында ИИМдин ички аскерлеринде кызмат өтөгөн жоокер куралын оксуздандыруу учурунда ефрейторду атып алды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Окуя бүгүн, 13-апрель күнү, саат 7:58де министрликтин ички аскерлеринин №718 бөлүгүндө болгон. Жоокерлер Токтогул ГЭСин кайтаруу боюнча кароолдун курамында турган.

"Аскер куралын оксуздандырганда ок капысынан башка жоокерге тийип, ал оң колунан жаракат алган. Учурда кызматкер Кара-Көл шаардык аймактык ооруканасында дарыланууда. Абалы туруктуу, ден соолугунда олуттуу коркунуч жок", — деп айтылат маалыматта.

Факт боюнча Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.


sputnik