Окумуштуулар коронавирустун жаңы штаммынын кесепети өтө оор болот же өлүмгө кептейт деген пикирге далил табышкан эмес. Илимпоздордун иликтөөсүнүн жыйынтыгы Lancet журналына жарыяланганын РИА Новости жазып чыкты.
Улуу Британиянын изилдөөчүлөрү коронавирус менен ооруп жаткан бейтаптардын анализинин үлгүлөрүн карап чыгышкан. Аны коронавирустун жаңы жана башка штаммын жуктургандардыкы менен салыштырышкан.
"Коронавирустун жаңы штаммы бейтапта өтө оор өтөт же өлүм учуруна жеткирет деген пикирге далил тапкан жокпуз", — деп жазылат маалыматта.
Британиялык окумуштуулар коронавирустун жаңы штаммынын белгилери алгачкыныкындай эле боло турганын айтышкан. Илимпоздор ооругандардын санынын өсүп жатышы менен жаңы штаммдын ортосунан эч байланыш таба алышкан эмес.
Эксперттер изилдөөнүн жыйынтыгынан кийин коронавируска каршы вакциналар жаңы штаммга да таасир берет деген бүтүмгө келишкен. Бирок коронавирустун жаңы штаммы тез жуга турганы тастыкталган.