Жокчулук менен токчулук карама-каршы экени анык. Деген менен токчулукта баары эле телегейи тегиз, жокчулукта баары эле куруп-какшып өмүр сүрбөйт. Ар кимдин өзүнө жараша багы бар. Эгер адамдын көңүлү эч нерсеге чаппай калса, өзүн-өзү жеп, жакшы жашоо үчүн эч нерсе жок дей баштайт. Бул адамдын депрессияга кабылуусуна себеп болот.
“Менде баары бар” деп өмүр сүрүп көрүңүз
Ал сизге стимул берет. Сиз бар деп айткан сөзүңүз үчүн жооп бересиз, эмгектенесиз. “Жок” деген сайын жоголгон дүйнө дейт.
“Бар” деген сөз эң биринчи жоопкерчиликти пайда кылат. Кыйынчылыктан качып өмүр сүргөндөн көрө, каалооңузга жетүү үчүн болгон аракетти көрүңүз.
Акчаңыз жок болсо дагы, бет маңдайыңызда турган адамга “бар” деңиз. Сиз өзүңүздө жок дүйнүнөнү бар деп айткан соң, аны эмгектенип табууга аракет кыласыз.
Депрессияга түшпөш үчүн да жок нерсени жасап көрүңүз. Колдо турган дүнүйөдөн көптү жасоого болот. Башкысы талап болуш керек. Талапсыз эч нерсе пайда болбойт.
Колдо жок болсо да, кедей болсоңуз да “бар” деп туруңуз. Адамдын дене мүчөсүнүн соо экендигинин өзү эле байлык. Эки колго бир күрөк таба алсаңыз, сизден бай ким бар?