ЕБ менен ЕАЭБ эмнеге жакындашып, биргелешип аракеттениши керектиги жана ал эмнеге алып келиши мүмкүн экендиги жөнүндө “Кызматташууга чакырык” деген аналитикалык баяндамасында Ф.Эберт атындагы кызматташуу жана тынчтык фондунун Регионалдык бюросунун илимий кызматкери Алекстандр Динес сүрөттөп айтып берген.
ЕБ менен АЕЭБдин ортосундагы өз ара байланышты жогорулатуу жолунда көптөгөн саясий тоскоолдтуктар бар; негизги тоскоолдук болуп Украинадагы чечилбеген жаңжал саналат. Техникалык стандарттарды ыңгайлаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат, бирок кыйла жогорку деңгээлдеги өз ара аракеттенүү, расмий сүйлөшүүлөрдү кошкондо жок. Кырдаал жарабаган айлампаны эске салат: Украинадагы жаңжал эки интеграциялык биримдиктин атаандашуусунан улам келип чыккан, андан улам Орусия менен Батыштын ортосундагы мамилелердин начарлашы эки биримдиктин өз ара аракеттенүүсүн токтотууга алып келди.
Аталган баяндамада ушул жарабаган айлампаны кантип өтүү жана жеңүүчүсү жок, бир гана жеңилгендери бар оюн болуп саналган кыйратуучу атаандаштыктын ордуна ЕБ менен ЕАЭБдин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташууга өтүү мүмкүнчүлүгү изилденет. Бул үчүн кызматташуу саясий карама-каршылыкка жана ишенимдин жоктугуна ылайык логикадан баш тартуу керек. Биз карама-каршы мамилени сунуштайбыз: ири саясий көйгөйлөрдүн чечилишин жана ишенимдик алыбына келишин күтпөй, ушул шарттардан көз каранды болгон кызматташууну коюп, мүмкүн болгон анча көп эмес тармактарга байланышты орнотуп, жыйынтгында биргелешип аракеттенүү процессинде ишенимдин акырындап өсүүсүнө алып келет. Кызматташуунун тармактарын акырындап бекемдөө акыр аягы башка тармактарга да таасирин тийгизет, бул жыйнытыгында саясий көйгөйлөрдүн чечилишине жана тынчтыктын, Европадагы бөлүнбөгөн коопсуздуктун калыбына келишине таасир этет. Бул кадамды тынчтыкты орнотуунун экономикалык жолу катары, ал эми ЕАЭБ менен тыгыз байланыштуу орнотууну – тынчтык демилгеси катары кароого болот. ЕБ менен ЕАЭБдин ортосундагы байланышты жогорулатуу менен айкалышкан кыйла тыгыз экономикалык кызматташтык – көптү үмүттөндүргөн кадам, ал ишенимдин калыбына келишине, жаңы жаңжалдардын чыгуусун болтурбоого жана алардын эслакациясынын божомолун төмөндөтүүгө таасир этиши мүмкүн.
ЕБ менен ЕАЭБдин ортосундагы экономикалык кызматташтык прагматкалык.ю ошондой эле гуманитардык жактан алганда максатка ылайыктуу. Регионалдык өз ара башланыш маселеси “чоң Европанын” гүлдөп өнүгүшү үчүн негизги болуп саналат. Актуалдуу туңгуюктук кырдаалда бизде болгон варианттарды эске алганда, жалгыз мүмкүн болгон жол – бул жакындашуу жана тыгыз өз ара аракеттенүү. ЕБ менен ЕАЭБдин ортосундагы кызматташтык – Орусия менен ЕБнын ортосундагы мамилени жакшыртууга жеткиликтүү жана келечектүү жолдордун бири. Экинчи жагынан, ЕАЭБ менен бирге аракеттенүүдөн качууну улантуу менен, же бул уюм менен ачык конфликтке баруу менен биз өзүбүздөн Орусияны андан да катуу алыстатып, региондогу атаандаштыкты күчтөнтүп жатабыз. Бул ЕБ менен ЕАЭБдин ортосунда жайгашкан борбордук Азиядагы өлкөлөр үчүн да зыян алып келерин көщ жаздым алдында калтырбоо керек. Биз буга жол берүүгө акыбыз жок, анткени сөз элдин жашоосу жана жыргалчылыгы жөнүндө сөз болуп жатат.
“Чоң Европаны” бардык жашоочулар үчүн өнүккөн жана коопсуз регион кылуу үчүн соода жана экономикалык байланыш сунуштаган мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу зарыл. Ошол эле учурда Экинчи минскилик макулдашууну аткаруу жана Крымдын мыйзамсыз аннексиясы сыяктуу татаалдыктар жана саясий тоскоолдуктар үн катуу абдан маанилүү. Бул маселелерди өзүнчө, ушул үчүн арналган аянчаларда экономикалык жакындашуу менен катар талкуулоо зарыл.
Аталган баяндамада ЕБ менен ЕАЭБдин ортосундагы кыйла тыгыз кэономикалык кызматташтыкты ЕБ, Орусия жана алардын жалпы коңшуларынын ортосундагы мамилелер келип такалган туңгуюктан чыгаруучу платформа катары колдонуу керектиги сунушталат. Биз мындай кызматташтыктын мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп, тоскоолдуктарды талкуулап жатабыз. Экономиканы саясаттан бөлүп сароону сунуштап, ЕАЭБден панацеяны көрүп жаткан европанын бизнес коомчулугунун айырмаланып, биз ЕАЭБге төмөнкү үч негизги маалымат булагынын негизинде дифференцияланган, тең салмакталган жана реалдуу баа берүүгө аракет кылып жатабыз:
1. 2017-жылдын апрелинде Москвада өткөн ЕАЭбдин алдыңкы өкүлдөрүнүн жана серепчилердин маеги. Биринчи ооздон алынган маалымат абдан маанилүү, анткени ЕБда көп учурда ЕАЭБдин түзүмүн жетишсиз карашат;
2. ЕККУнун автриялык өкүлчүлүгү уюштурган 2017-жылы жазында Линц жана Венада өткөрүлгөн өз ара байланыш темасындагы академиялык конференциянын алкагында ЕБнын жана ЕККУнун дипломаттарынын, жогорку даражалуу чиновниктеринин жана серепчилеринин сүйлөшүүлөрү;
3. ЕАЭБ жөнүндө сын көз караштагы макалалар. Эки себеп боюнча, дал азыр ЕБ менен ЕАЭБдин ортосундагы өз ара аракеттешүү маселесин карап чыгууга убакыт келди деп эсептейбиз.
Биринчиден, бүгүнкү “көрө жатарбыз” деген мамиле кырдаалды жакшы жакка өзгөртпөйт, теркерисинче жаңжалды узартат. Экинчиден, ЕБ менен ЕАЭБдин ортосундагы өлкөлөрдүн абалын туруктуу деп айтуу кыйын. Басым жасоо термининин чөйрөсүндөгү эски ой жңүгүртүүлөрдөн баш тартууга убакыт келди – бул өлкөлөр Чыгышка да, Батышка да тиешелүү. Ошол эле учурда геосаясий атаандаштыктын пассивдүү объектиси катары эле эмес, эл аралык укук субъектиси катары кароо зарыл. Ушул өлкөлөрдүн келечеги үчүн жоопкерчиликти бир эле ири державалар эмес, алардын өздөрү да алып жүрүшөт. Бул ЕБ менен ЕАЭБдин ортосунда жайгашкан өлкөлөр бүгүнкү күндө Оусия менен Батыштын мамилелери келип такалган туңгуюктук кырдаалды жеңүүдө активдүү жардам бериши керек дегенди билдирет. Алар эки тарап менен болгон мамилелегде жана экономикалык байланышка жогорку деңгээлде кызыктар болушу керек
Экономикалык байланышты орнотуунун пайдасына аргументтер
ЕБ менен ЕАЭБдин ортосундагы экономикалык кызматташтык үч себептен улам болушу мүмкүн.
1. ЕБ менен Орусиянын ортосундагы жакындоону алдыга түртүүгө мүмкүн болгон нейтралдуу аянтча пайда болот.
Евразиялык экономикалык биримдик (өзгөчө евразиялык экономикалык комиссия) диалог үчүн туура келген өнөктөш болуп саналат. Анткени, бул ар тараптуу экономикалык уюм. ЕАЭБдин регионалдык астпектисин ыңгайтуу фактор деп айтууга болот, анткени ал Орусия менен болгон мамилени саясатташтырбоого мүмкүнчүлүк берет.
ЕАЭБге мүчө катары Орусия көп тармактуу уюмдун институттук алкактары менен байланышкан (бир өлкө – бир добуш, консенсус жана вето принциптери, кадрдык ардыкчылык кичи өлкөлөрүн Комиссиясында). Бул ЕАЭБди туура келген аянтча кылып жатат, анда жалып коңшуларды четке какпай Орусия менен диалогду баштоого болот. Экономикалык кызматташтык бардык тараптар үчүн пайдалуу болгон компромисстердин жана чечимдердин издөө куралы боло алат.
Ошол эле учурда Орусия ЕАЭБде экономикалык дагы, саясий дагы планда үстөмдүк кылуучу позицияда экендигин эске алуу керек. Орусияга ЕАЭБдин ИДӨсүнүн, соода айлантуусунун, аймагынын жана калкыны 80 пайызы туура келет. Москвага ЕАЭБдин өнүгүүсү үчүн бир экономикалык эмес, гесаясий ой жүгүртүүсүнөн улам дагы кирип жатат. Мисалы, евразиялык интеграция жана мурунку Советтер Союзунун өлкөлөрү менен тыгыз байланыштар Орусиянын сырткы саясий стратегиясында артыкчылыктуулардын катарында деп аталат.
Бирок, бул аспектилерди өзгөчө, орусиялыктарга туура келбей турган деп айтууга болбойт жана алар ЕАЭБ менен болгон кызматташтыктан качуу үчүн салмактуу себеп болуп саналбайт. Ири өлкөлөрдө ар дайым белгилүү бир таасир этүүчү рычагдары болот: мисалы, Германия Грециянын карыздык каатчылыкты жеңип чыгуусунда негизги ролу ойнойт жана евро заносынын көптөгөн башка маселелеринде чечүүчү таасирге ээ. Бразияда да ушундай эле жол менен талын америкалык Меркосур соода блогунда үстөмдүк кылат, ага Аргентина, Уругвай сыяктуу өлкөлөр кирет. Алар Бразилиянын алдында көлөмү эана экономикалык байланыштары боюнча кыйла айтта болуп саналат. Геосаясат Евразиянын айрым өлкөлөрү тарыхый жактан бири-бири менен байланышта болгон фактысынан алаксытпаш керек. ЕАЭБдин мүчөлөрү мурда бир өлкөнүн курамына киришкен жана тыгыз экономикалык байланышта болушкан. Советтер Союзу кулагандан кийин тарнспорттук жана энергетикалык инфра түзүмдүн интеграциясы жана жалпы техникалык стандарттар сакталып калган, ал эми көпчүлүк өлкөлөрдө орус тили улуттар аралык пикир алышуу тили катары роль ойнойт. Мындан тышкары, ЕАЭБдин көлөмү боюнча экинчи орундагы мүчөсү Казакстан ЕАЭБдин саясатташуусуна жана саясий интеграциясына ачык каршы экендигин көрсөтөт, муну менен уюмдун ичинде Орусияга маанилүү каршы салмак боло алат.
Мындан тышкары, мүчө болгон кичи өлкөлөр ЕАЭБдин алкагында ийгиликтүү соодалашып, жеңилдиктерге жетише алышат. Бул эки тараптуу мамиледе мүмкүн болмок эмес. Жакындагы эле Белорусия менен Орусиянын ортосундагы газга болгон баа жөнүндө талашы мисал боло алат (Белорусия ЕАЭБдин Бажы кодексине кол койбойм деп коркутту). Экинчи жагынан, ЕБнын сырткы экономикалык саясатындагы жашыруун геосаясий аспектилерге көз жумуп койбоо маанилүү, алар көп убакытта байкалбай калат, айрым учурда тартакыр четке кагылат. ЕБнын Украина менен соода макулдашуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр менен катар эле Орусия менен саясий сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөгөндүгү жөнүндө фактына моюнга алуусу актуалдуу маселелрдин биринчи себебин түшүнүү үчүн маанилүү. Европалык биримдикке Орусияны тартуусуз бул маселелерди чечүү, же жок дегенде орусиялык кызыкчылыктарды эске албай чечүү кыйын болот. Кээде экономикалык долбоорлордун саясий себебин таануу максатка ылайыктуу болот.
2. ЕБ менен ЕАЭБдин ортосундагы кызматташтык ЕБ менен Орусиянын ортосундагы ажырымды жеңүүгө жана коңшу өлкөлөрдү ЕБга жакындатууга мүмкүнчүлүк берет.
ЕАЭБ менен активдүү аракеттешүү Чыгыш өнөктөштүк өлкөлөрүнө жана Орусияга өзүнүн басымын жайылтууга мүмкүнчүлүк берет, муну менен аларлын экономикасын модернизациялоого, рынокту кеңейтүүгө жана регионду турукташтурууга, анын өнүгүүсүнө таасир этүүгө жардам берет. Бул контекстте ЕАЭБдин начар тарабын тоскоолдук катары эмес, мүмкүнчүлүк катары кароого болот.
ЕАЭБдин кемчиликтеринин бири улуттук үстөмдүк жана улуттук кызыкчылыктын ортосундагы карама-каршы пикирлер менен байланышкан. ЕАЭБ көпчүлүк бөлүгү боюнча өкмөттөр аралык, улуттук үстөмдүк кылган уюм эмес. Мүчө өлкөлөр эркиндиги менен жакшы пайдалана албагандыктан, Евразиялык экономикалык комиссия начар орган катары элес калтырат жана интеграция алдыга жылбай жатат. Ушул кемчиликтер Кимиссиянын бирдиктүү чечем кабыл алуу, ошондой эле кадр саясатынын принцибин тереңдетет: анда адатта квалификациясы төмөн болгон кичи өлкөлөр көптүк кылат, ал эми чиновниктер улуттук үстүмдүккө караганда өзүнүн борборуна карата көбүнчө кыйла калыс болушат. Мындан тышкары, айрым серепчилер Орусия байкалып тургандай ЕАЭБге кызыкчылыгын жоготуп бара жатат эсептешет. Анткени, экономикалык пайда анчалык болгон жок (ЕАЭБге Орусиянын сырткы товар айлантуусуна болгону 6-7 пайыз гана туура келет). Мындан тышкары, интеграциялык долбоордо олуттуу саясий “ментор” жок. Ушул аспектилер ЕАЭБ менен аракеттешүүгө каршы аргумент катары келтирилет.
Айтылган начар жактарына карабай, ЕАЭБ мурунку советтик аймактагы интеграция аракеттерине караганда кыйла натыйжалуу түзүм болуп саналат, аларда ишке ашыруу механзимдери жетишсиз болгон. Мисалы, иштөөгө жөндөмсүз Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги (КМШ), суралгандардын биринин сөзү боюнча, “күнөөсү сөзүүнүн аркасынан пайда болгон”. КМШдан айырмаланып, ЕАЭБ олуттуу экономикалык жана институттук фундаментте турат. Евразиялык эконмоикалык комиссия иштеп жаткан улуттук үстөмдүк кылуучу орган болуп саналат, ал ЕАЭБдин саясий чараларын жана ченемдик документтерин даярдоо жана жайылтуу менен алектенет. Интеграциядан 2010-жылы Бажы биримдигин киргизгенден кийин мүчө кичи өлкөлөр үчүн сөзилген экономикалык пайдалар 2014-жылдан кийин азая баштаган. Бул биринчи кезекте интеграциянын алсыздыгынан эмес, Орусиядагы каатчылык менен байланыштуу. Буга карабай, ЕАЭБ мүчө өлкөлөрдө калктын жогорку, 65 пайыздык колдоосуна ээ (ЕАЭБди түзүү учурунда ЕАЭБди 70-80 пайыз эл колдогон эле). Ага карабай, ЕАЭБ Орусия үчүн артыкчылыктуу долбоор болуп саналабайт, анын институттары алсыз жана ага ачык эле саясий мандат аздык жетишпейт, бул жыйынкы келечекте саясий интеграцияны тереңдетүүсүнө күмөн санатат. Муну менен, ЕАЭБ “зыяны жок” долбоор катары элес калтырат. Бул контекстте Биримдик менен сүйлөшүүлөрдүн башы саясий тобокелдикке, чыгашага алып келмек эмес.
ЕБ менен ЕАЭБ кыйла фундаменталдуу деңгээлде интгерациясы логикасы боюнча бири-биринен айырмаланат, бул көп учурда кыйла тыгыз кызматташууга тоскоолдук болуп эсептелет. Чамасы, ЕБдагы либералдуу (жана демократиялуу) интеграция ЕАЭБдеги продекцианисттик (жана авторитардык) интгерация менен дал келбейт. Чынында, ЕАЭБдеги бажы тарифтери ЕБдагыга караганда жогору. Анан калса, ЕАЭБдин бардык мүчөлөрүнө, Белорусиядан тышкары, ЕАЭБге кирүнүн жүршүндө тарифтерди көтөрүүгө туура келген, бул аларга дүйнөлүк рынокто атаандашууну кыйындатты жана алардын орусиялык субсияларлага жана Орусия менен соодалашууга болгон көз карандылыкты күчөттү. Мындан тышкары, мүчө өлкөлөр ортосундагы соода талаштары, чек аралык контролдун аз-аздан калыбына келтирилиши, жалпы тарифтен көп сандаган алып салуулар жана расмий эмес бажы, мисалы, орус-белорус чек арасындагы, текшерүүлөрү көрсөткөндөй, ЕАЭБдин ички рыногу начар иштейт. Орусиянын бир жактуу, ЕБнын айыл чарба азыктарына карата санкцияга каршы кадамдары дагы ЕАЭБди начарлантат.
Бирок, ушул айырмачылыктарды ЕБ менен ЕАЭБдин кызматташтыгынын пайдасына аргумент катары кароого болот. Өз ара аракеттешүү коңшу өлкөлөргө ЕБга жакындашууга жана тарифтерди жана стандарттарды унификациялоо жолу менен акырындап протекционизмдинди талкуулоого жана башкарууга мүмкүнчүлүк бере алат (айрым каржылык жана техникалык жардамдын айкалышында). Бул Орусия жана аны менен чектеш өлкөлөр үчүн абдан зарыл болгон модернизацияга толчок болушу мүмкүн. Акыркы убакта Орусиялык жетекчилик экономикалык трансформацияны жактаганы жана нефтилик рентага көз каранды болгон жана коррупцияга баткан экономиканы бөлүштүрүүгө жана реформалоого умтулганы жөнүндө ачык белги бере баштады. Мындан тышкары, күтүлүп жаткандай нефтиге болгон баа көп убакытка төмөн бойдон калат, бул акырындык менен жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө алып келет. Бул өз кезегинде жолго саланып калган экономикалык моделге өзгөртүүлөрдү киргизүүдө орусиялык бийликке болгон басымды күчөтөт.
Ушундай эле көйгөйлөргө региондун көптөгөн өлкөлөрү туш болот. Узак мөөнөттүү келечекте экономиканы либералдаштыруу жана системаларды акырындап жакындатуу (же, жок дегенде, ЕБ менен тыгыз кызматташуу) саясий либерализацияга дагы таасирин тийгизиши мүмкүн.
3. Экономикалык кызматташтык жана соода бардык катышуучулардын жаргал жашоосун жогорулатат жана чек аралаш өлкө менен атаандаштыктан качууга жардам берет.
Соода жаргал жашоону жогорулатат. ЕБ менен ЕАЭБдин ортосундагы техникалык стандарттарды жана соода саясатын айкалыштыруудан бардык тараптар утушка ээ боло алышат. Евро биримдик өзүнүн рыногун кеңейтмек жана кошумча узак мөөнөттүү энергиянын жаңылануучу булактарына өтүү боюнча программада көмүр суутекти жеткирүүнүн ишенимдүүлүгүн кепилдей алмак (анткени, Орусияга евроага негизги жеткирүүчүлөрдүн бири болуп саналат). Европалык товарлардан жана техникадан өтө көз каранды Орусия аларды аз чыгымдар менен импорттосо, экономиканы модернизациялоо жана диверсификациялоо үчүн абдан зарыл болгон инвестицияны тартса, ошондой эле Европага энергия жеткирүүгө кепилдик алса болмок. Орусия менен ЕБнын жалпы коңшулары эки тарап менен тең болгон соодадан утушмак. ЕАЭБдин бардык мүчөлөрү ЕБ менен кызматташууга кызыктар экендигин билдиришкенин белгилей кетүүгө болот, бул аталган өлкөлөрдүн соода айлантуусунда Евро биримдиктин чоң үлүшүн эске алганда таң калууну жаратпайт.
Бул мааниде жакындагы Армения менен Молдованын эки интеграциялык долбоор менен аракеттешүүнү орнотуу аракети көрүнүктүү. Армения – ЕАЭБдин мүчөсү, ЕБ менен атайын түзүлгөн Баарын куачгына алуу жана кеңейтүү жөнүндө макулдашууга кол койгон. Молдова ЕБ менен Тереңдетилген жана баарын кучагына алган эркин соода аймагына (ТБЭСА) кирет жана жакында эле ЕАЭБде байкоочу статусуна ээ болду. Өзгөчө украина ЕБ менен ЕАЭБдин өз ара байланышын жогорулатуудан утмак: жада калса аймакка киргенден кийин деле.
Евразиялык экономикалык комиссия ЕБ менен эркин соодада ал үчүн маанилүү өзгөчө болгон Орусия менен соода байланыштарын сактап кала алмак. Эки Биримдикбин экономикалык дарамети абдан айырмаланат экендигин белгилей кетүү маанилүү. Экономикалык ассиметриядан улам кыйла тыгыз кызматташтык ар бир өлкө үчүн бирдей пайдалуу боло бербейт. ЕАЭБдин рыногуна Европадан жогорку атаандаштыкка туруштук бере турган товарлардын агымы , өзгөчө ЕАЭБдин кыйла кедей өлкөлөрүндө экономиканын айрым тармактарын ңын жок болуусуна жана эмгек рыногунун кайра оңдолуусуна алып келет. Ошондуктан, ЕБдан тагыраагы кошумча инвестицияларды, насыяларды жана колдоону караштырган “компенсациялык макулдашууну” иштеп чыгуу максатка ылайыктуу болмок. Бул куралдур ЕАЭБдин өлкөлөрүнүн экономикасын модернизацияламак жана ушул өлкөлөрдү ЕБга жакындатмак. Өз ара байланышты жогорулатууга башка тоскоолдуктар катары бардык өлкөлөрдүн интгерацияга кызыкпагандыгы болушу мүмкүн. ЕАЭБдин Белоруя жана Казакстан сыяктуу мүчөлөрү ЕБ менен эки тараптуу сүйлөшүүнү туура көрөт.
ЕБ тараптан Польша жана Балкика мамлекеттери сыяктуу өлкөлөр ЕАЭБ менен тыгыз байланышты орнотууга болгон кызыкчылыгы өтө төмөн жана сүйлөшүүлөрдү блоктоп салышы мүмкүн.жалпысынан Евробримдик үчүн ЕАЭБ менен интеграцияшуудан экономикалык пайда кыйла төмөн болот. Мындан тышкары, азыркы учурда ЕБнын күн тартибинде кыйла артыкчылыктуу темалар абдан көп, мисалы, Евро биримдиктин Улуу Британиянын чыгышы, миграция, Кытай менен болгон мамиле, ошондой эле кыйла обочолоногон саясатты көздөгөн АКШ. Жаңы орусиялык санкциялар жана Украинадагы түтөп жаткан чыр-чатактар экономикалык көз караштан алганда анчалык оорулуу эмес. Бирок, саясий коюмдар өтө жогору экенлигин моюнга алуу керек. Европалык биримдик ЕАЭБ менен болгон кызматташууну региондогу экономикалык абалды жакшыртууга, Орусия менен болгон мамилелердеги туңгуюктан чыгууга жана коңшу өлкөлөрдөгү туруксуз кырдаалды басып өтүүгө мүмкүнчүлүк катары пайдаланса болмок.
Саясий сунуштар
Эгер евроаплыктар азыркы каатчылыктан акырындап чыгуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгаргысы келбесе, Орусия жана коңшу өлкөлөр менен өз ара мамилени жолго салуу менен ЕБ демилге көтөрүп, ЕАЭБ менен сүйлөшххл-рдх баштоо керек. колго алуу керектиги жөнүндө Дональд Трамптын өкмөтүнөн келип жаткан белгилер деле эске алууду. Алар АКШнын дүйнөлүк саясатта болуусун азайтуу, мультилатерализмге чакырык жасоо жана эркин соода жөнүндө макулдашуудан баш тартуу планын көрсөтүп жатат.
ЕБ өзүнүн скептикалык позициясын алып салып, Экинчи минскилик макулдашууну ишке ашыруу менен катар эле ЕАЭБ менен сүйлөшүүлөрдү башташы керек. Бул эки тараптуу мамилелерге өтүү менен байланышкан капкандардан качууга жардам берет. Бир тараптуу саясий аракеттер көп тараптуу форматтарга зыян алып келүү менен ишке ашырылып, дээрлик иштөөгө жарамсыз Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мисалында көрсөтүлүүдө. Орусия да, Кытай да ШКУга кирет. Кытай кыйла күчтүү интеграция үчүн ротациялап, Борбор Азия өлкөлөрүндө инвестиция үчүн көп тараптуу орган түзүүнү сунуш кылган. Орусия бул демилгеге таптакыр каршы чыыгп, региондо кытай басымынын өсүп кетет деп кооптонгон. Жооп катары Кытай жыйынтыгында Борбор Азия өлкөлөрүнө эки тараптуу тартипте насыя берүү жөнүндө чечим кабыл алып, көп тараптуу түзөмдөрдөн көз каранды болбогон, биричн кезекте кытайдын кызыкчылыгын көздөгөн “Бир алкак, бир жол” деген жеке долбоорун алып чыкты.
Орусия менен бошгон мамилелерде окшош окуялардын өнүгүшүнөн жана Орусия региондо үстөмдүк кылган күчкө айлануусунан, ЕБ менен бир гана эки тараптуу мамиледе болуп, өзүнүн коңшуларынын кызыкчылыктарын потенциалдуу көзгө илбешинен качуу үчүн Европа бирдиктүү фронт болуп чыгып, көп тараптуу түзүм ЕАЭБдин алкагында Орусия менен мамилесин орнотуп алса болмок. Бул орусиянын басымын чектөөгө жана жалпы коңшуларды бирдей шарттарда кошууга мүмкүнчүлүк бермек. Мындан тышкары, ЕАЭБдин алкагында Орусия менен бирге аракеттешип, Евро биримдик Кремлге конструктивдүү идеяларды сунуштап, чакырык таштоого мүмкүнчүлүк алмак. Бул үчүн бакыт келип жетти, Гамбургдагы “Чоң жыйырмалыктын” саммитинин алдында президент Владимир Путин Европага ачык кайрылды, Орусия германиянын артыкчылыктарын тең бөлүшөрүн, эркин сооданы, эл аралык кызматташтыкты жана климат боюнча Париж макулдашуусун коргой турганын, айтып чыкты. Сүйлөшүү үчүн мыйдай чакырыкка баа бербей коюу, же куру билдирүү деп айтуу мүмкүн эмес. Путиндин (жана орус өкмөтүнүн) сөздөрүн олуттуу кабыл алууга аракет кылуу керек. Практикалык планда ЕАЭБ менен өз ара байланышты орнотууда төмөнкү үч этап туура келмек:
1. Кыска мөөнөттү келечекте: герман-француз тандеми менен демилгеленген ЕАЭБ менен бей формал диалог жана УККУнун экинчи өлчөмү менен макулдашылышы керек. Европалык омиссия жана Евразиялык экономикалык коссия тарабынан соода боюнча башкы директораттын ортосунда жемушчу деңгээлдеги азыркы иштеп жаткан техникалык консултацияны департаменттердин башкыларынын же андан да жогорку деңгээлге көтөрүү керек. консултациялар биргелешкен кеңешмелердин форматында өтүшү мүмкүн. Диалогдун бөлүнгөн багыттарынны катарына түмөнкүлөрдү кошуу максатка ылайыктуу болмок: сооданын жана бажы жол-жоболорунун стандарттары боюнча биргелешкен чечнемдук укуктук, базаны өнүктүрүү; энергетикалык сектор; транспорт; изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар; санариптик чөйрөдө кызматташуу (мисалы, спутниктик навигация системасына жана кибер коопсуздукка карата). Бул кадамдар кымбат туруучу, саясий жактан тобокелдик болуп саналбайт. Саясий жаңжалдарды, биринчи кезекте Экинчи минскилик макулдашууну чечүү апраллельдүү ишке ашырылыш мүмкүн.
2. Кыска мөөнөттүү келечекте: ЕАЭБ менен ЕБнын ортосундагы байланыштарды институтташтыруу. Бул процесстин элементи техникалык стандарттар, соода жана бажы эрежелери, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасын модернизациялоого европалык инвестициялардын камсыз кыла турган жана ЕБдан келген кыйла атаандаштыкка туруштук берген товарлардын ЕАЭБде өндүрүлгөн айрым товарларды сүрүп чыгаруусун компенсациялаган комплекстүү макулдашуу жөнүндө сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн. Ушул баскычта Евроаплык комиссиянын жана Евразиялык экономикалык комиссиянын жетекчилеринин биргелешкен конференциясын өткөрүү дагы мүмкүн болмок.
3. Узак мөөнөттүү келечекте: ЕБ, ЕАЭБ өлкөлөрүн, ошондой эле эки интеграциялык биримдиктин ортосунда жайгашкан өлкөлөрдү камтыган жалпы эркин соода аймагын түзүү. Ушул биргелешип аракеттенүү чарасынан улам басым жасоо чүйрөсүн бөлүштүрүү аракетин алмаштырууга болмок. Жалпы экономикалык мейкиндикрегиондогу атаандаштыкты жеңилдетип, бардык катышуучулар үчүн экономикалык пайданы камсыздап, ЕККУнун регионундагы жалпы коопсуздук мейкиндигине фундамент куя алмак.
Экономикалык көз караштан бардык тараптар – ЕБ, Орусия жана жалпы коңшулар – ЕБ менен ЕАЭБдин ортосундагы кызматташтыктан утушка ээ болмок. Саясий планда ЕБ менен ЕАЭБдин ортосундагы диалог Европадагы жөнөкөй эмес саясий каатчылыктарды жеңүүгө биринчи кадам болуп калмак, Владивостоктон Ванкуверге чейин жайылган, 2010-жылы ЕККУнун Астаналык декларациясында белгиленген жалпы жана бөлүнгөн Евроатлантакалык жана Евразиялык коомчулуктун коопсуздугун түзүүгө жардам бермек. Бул ниеттер 2016-жылы Гамбургда ЕККУнун министрлер отурумунда тастыктама алышкан: өз ара башланыш туруктуулукту жана ЕККУ аймагында жана анын чегинен тышкары коопсуздукту жогорулатары айтылган. Казакстан, Белорус (ЕАЭБге мүчө өлкөлөр) жана Молдованын ортосундагы соода жол-жоболорду жеңилдетүү боюнча ЕККУнун бюджеттик эмес регионалдык долбоору сыяктуу өз ара байланыш боюнча сынамак анча чоң эмес долбоорлору жүргүзүлүп жатат.
Ушул контекстте региондогу өз ара башланышты жогорулаткан ЕБ менен ЕАЭБдин ортосундагы тыгыз кызматташтык ЕККУнун максаттарына шайкеш келет. Ошондуктан, ЕККУнун тажрыйбасы – регионалдык экономикалык тоскоолдуктарды жеңип өтңң артыкчылыктуу максаттардын бири болгон уюмдар – ЕБ менен ЕАЭБ жакындашкан процессте пайдалуу болушу мүмкүн. ЕАЭБ менен кыйла тыгыз кызматташууга карата скептикалык аргументтерди жеңүүгө кыйын болгонучурлар бар. Бирок, эгер Евро биримдик ЕАЭБ менен сүйлөшүүнү баштабаса, ал Орусия менен, чектелген көп тармактуу түзүмдүк башкаруу болгон, бир жактуу тартипте аракеттенүүгө мүмкүндүк берилбеген ЕАЭБ менен бирге аракеттерүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарышы мүмкүн. Экинчи жагынан, ЕАЭБге бир эле Орусия кирбейт, ага ЕБ менен Орусиянын ортосундагы мамиледе актуалдуу каатчылыкка жооптуу болбогон, бирок анын терс таасирлерин зесип жаткан өлкөлөр да кирет.
ЕАЭБ менен өз ара аракеттешүүдөн баш тартуу менен Евро биримдик экономикалык кызыкчылыктарын жана өзүнүн чыгыштагы өнөктөштөрүнүн потенциалын тоготпой калган болот. Кызматташтыкты орнотуу чоң чыгымдарды талап кылат. Бүгүнкү күндө бул бир гана реалисттик мүмкүнчүлүк. Мындан тышкары, бул туруксуз ортодогу абалдан ЕБнын жана Орусиянын коңшуларын чыгарган жалгыз жол болмок жана кооптуу атаандаштыкты аягына чыгармак. Саясий көйгөйлөр аракет кылбаганды актабайт, анткени, 1) экономикалык кызматташтык саясий туңгуюктан чыгууга таасир этиши мүмкүн; 2) саясий каатчылыктарды чечкенден кийин экономикалык кызматташтык үчүн даяр туруу пайдалуу болмок. Эгер биз ЕККУ тарабынан ойлонулган экономикалык кызматташтыктын жана коопсуздуктун жалпы мейкиндигин түзүүнү ниеттенсек, аракетти баштоо керек. Германия каржылаган долбоор “ЕККУ регионунда кэономикалык өз ара байланышка жардам берүү”. Ал ЕККУда БУУнун колдоосу алдында ишке ашырылып жатат.