Бул жумада кыргызстандыктар кошумча бир күн эс алат

5 апреля 2021 Бул жумада кыргызстандыктар кошумча бир күн эс алат

Апрель элдик ыңкылабына байланыштуу келе жаткан шаршемби, 7-апрель, кошумча эс алуу күнү катары белгиленет.

Өкмөт бир катар учурлардай кылып, бул ирет эс алуу күндөрүн майнаптуу колдонуу максатында катары менен коюп жылдырган жок. Эми биринин артынан бири келген кызыл даталар май айында болот. Кыргызстандыктар Конституция күнү, Жеңиш майрамы жана Орозо айттын эсебинен үч күн кошумча эс алат.

2021-жылдагы майрам жана дем алыш күндөрдү атайын түзүлгөн жылнаамадан карап билип алсаңыз болот.


sputnik