Төшөк кумары машыгуудай эле арыктатабы? Адистердин пикири

5 апреля 2021 Төшөк кумары машыгуудай эле арыктатабы? Адистердин пикири

Төшөк кумарына батуу организмге спорттук көнүгүүлөр сыяктуу эле таасир этип, ашыкча салмактан арылууга жардам берери айтылып жүрөт. Канадалык окумуштуулар бул кептин чындыкка канчалык туура келерин илимий жактан тастыктоо үчүн 21 түгөй катышкан иликтөө жүргүздү. Анын жыйынтыгы тууралуу РИА Новости жазды.

"Сүйүктүүсү менен "көңүл ачуу" зат алмашууну жакшыртып, калорияны жок кылары белгилүү. Бирок ал спорттук машыгууларга тетеби же жокпу деген суроо жаралды. 20-25 жаштын ортосундагы 21 жуп катышкан экспериментте залдагы машыгуулар баары бир эффективдүүрөөк экени аныкталды", — деп айтылат окумуштуулар чыгарган жыйынтыкта.

Тагыраагы, эркек киши төшөк кумары учурунда мүнөтүнө орто эсеп менен 4,2, аялдар 3,1 килокалория кетирери билинди.

Ал эми залдагы орточо татаалдыктагы көнүгүүлөр мүнөтүнө эркектерден 9, аялдардан 7 килокалория алары белгилүү.

Мындан улам илимпоздор ашыкча салмактан арылгысы келгендерге спорттук көнүгүүлөр керектигин айтышат.


sputnik