Казак талааларында суукта калган 8 кыргызстандык куткарылды

6 декабря 2018 Казак талааларында суукта калган 8 кыргызстандык куткарылды

Элди Сарышаган айылындагы эс алуу үйүнө жеткиришкен.

Казак талааларында калган кыргызстандык сегиз жаранды сууктан сактап калышты. Бул туурасында Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети кабарлаган.

1-декабрда жолго чыккан Газель-8 автоунаасы кыргызстандык жүргүнчүлөрү менен бузулуп жолдо калган. Казак куткаруучулары суукта калган адамдарды Сарышаган айылындагы эс алуу үйүнө жеткиришкен. Маалыматта эч ким жабыркабагандыгы айтылат.



Дагы: sputnik.kg, фото -© Sputnik / Артур Гутман