Күүлүү-күчтүү болуш үчүн улгайган адамдар кандай тамактанышы керек

2 апреля 2021 Күүлүү-күчтүү болуш үчүн улгайган адамдар кандай тамактанышы керек

Улгайып калган адамдар ден соолугун чыңдоо үчүн рационунда клетчаткага бай азыктарды көбөйтүшү зарыл. Бул тууралуу геронтолог Юрий Коневге шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.

"Жаш өткөн сайын организм энергияны азыраак талап кыла баштайт. Андыктан жалпы жонунан тамактын көлөмүн мурдагыдан азайтуу керек. Антпесе организмге күч келет. Андан көрө рационго ичеги-карынга пайдалуу клетчаткага бай азыктарды кошуш керек. Күнүнө анын көлөмүн 400–500 граммга жеткирсе туура болот", — деди Конев.

Клетчаткага бай азыктардын катарына буурчак, дан эгиндери, жаңгак, күрүч, жашылча жана жемиштер кирет.


sputnikl