ЖЫНЫСТЫК КАТНАШЫ жок эле ОРГАЗМ алууга болот

2 апреля 2021 ЖЫНЫСТЫК КАТНАШЫ жок эле ОРГАЗМ алууга болот

Аял менен эркектин ортосундагы мамиле өбүшүүдөн башталып, дүүлүгүү менен коштолот. Өбүшүүдөн кийинки чыңалуу дененин жакындыгына алып келиши мүмкүн. Бирок, ага ашыкпай жыргалга батууга болот. Бул ыкма ПЕТТИНГ деп аталат.

ПЕТТИНГ деген эмне?

Бул жыныстык катнаштын бир түрү, мында жуптур бирин-бири аймалоо, кучактоо менен оргазмды сезе алышат. Бул учурда жыныс мүчөлөрү катышпайт, дененин башка мүчөлөрү роль ойнойт.

Сексологдордун пикиринде, сылап-сыйпалоо мурда туйбаган укмуш кумарды ойготушу мүмкүн. Сезими сууп бараткандар үчүн төшөк кумарын ойготууда эң сонун ыкма. Мындан тышкары, петтингде жаш куракка чектөө жок жана дененин жакындыгынан зеле албаган оргазмды алуу мүмкүнчүлүгү көп.

Петтингдин 4 түрү бар, ал жакындыктын темпине байланыштуу

ЖЕҢИЛ-ЖЕЛПИ (кийим менен)

Аты айтып тургандай бул дененин ачык бөлүгүн бири-бирине тийгизүү менен ишке ашырылат. Мисалы: эл алдында жеңил гана кол менен сылап өтүүү же буттун ичин тийгизүү;

Денелерди тийиштирүү (жыныс мүчөлөрдөн бөлөк); моюнду сылап-сыйпалоо (галстук тагып же көйнөктүн сыдырмасын сыдырып жатканда).

Жеңил-желпи петтингдин бул түрүндөгү техникалар адамдын бүткүл боюна ысык толкун жүгүртүп, кумарын ойготот, өзгөчө абалды сездирет.

ЖОГОРКУ (кийим менен же кийимсиз)

Мында дененин жогорку жагындагы эрогендүү чекиттер роль ойнойт. Мында жуптар кийим менен, же кийимсиз да боло алышат. оргазмга кол же эрин аркылуу, атайын “оюнчуктар” аркылуу жетүүгө болот.

Бул петтингдин өзгөчө түрү, аны аткаруу оңой жна жөнөкөй. Жакындыктан ырахат ала аласыз. Эң негизгиси жубайыңыздын денесинин кайсы бөлүгү сезимтал экенин билип аласыз.

ЭСКЕРТҮҮ! Мында белден төмөн түшпөй, чыдымкай болуш керек.

ТӨМӨН (кийимсиз же, сексуалдуу ич кийим менен орундалат)

Бул петтингдин эң интимдүү түрү. Негизги көңүл санга, жанбашка, бутка жана жыныс мүчөнүн айланасына бурулат. Дененин ушул бөлүктөрү аркылуу дүүлүгүү бүткүл денеге тарайт. Мында жуптар жыныс мүчөлөрүнө да тийип кетиши мүмкүн.  

ТЕРЕҢ (кийимсиз)

Эң ачык түрү. Бул кийимсиз жана жыныс мүчөлөдүн катышуусу менен орундалат. Бирок, жыныстык катнаш болбойт. Болгону жанашуу аркылуу рахат алуу керек. петтингдин бул түрүндө рахаттын туу чокусуна чыгууга болот.

Кимдерге арналган?

Петинг бул жаштагыларга арналган деп бөлүнбөйт. Адатта муну жаштар көп колдонот деген ойлор басымдуу. Бирок, андай эмес.

Жыныстык катнашы жок рахат алууга боло турган бул ыкманы кош бойлуу учурунда, ден соолукка байланыштуу тыюу салынганда (айыз учурунда, дары-дармек ичип жатканда), жаңы техниканы байкап көргүсү келгендер колдонсо болот.