Психологиялык тест: өмүр жана коркунуч

1 апреля 2021 Психологиялык тест: өмүр жана коркунуч

Сүрөттү караңыз. Кимиси биринчи өлүшү мүмкүн деп ойлойсуз? Сиздин жообуңуз менен кандай адам экениңизди текшерип көрүңүз.

Биринчи адам

Жашооңузда болуп жаткан окуялар жөнүндө көп ойлонбоого аракет кыласыз. Бирок, кээде колдон келбейт. Кээде ар бир кадамыңызды ойлой берип, ой түбүнө түшүп кетесиз. Эч кимден жардам күтпөйсүз, өзүңүзгө гана ишенесиз.

Экинчи адам

Баарына сын көз менен карайсыз. Алдыда эмне күтүп жатканын, тоскоолдуктардан кантип өтүүнү алдын ала билесиз. Реалист адамсыз. Деген менен, турмушта кыйынчылыкка учураган сайын пессимист болбоого аракет кылыңыз. Дүйнөгө ар тараптуу көз чаптырып, айланыңыздагы адамдарга болгон ишенимди арттырууга аракет кылыңыз.

Үчүнчү адам

Өзүңүз ойлоп тапкан “жалган” дүйнөдө жашап келесиз. Айланада болуп жаткан нерселерди байкабайсыз. Бул өмүрүңүздө мурда болуп өткөн оор учурга байланыштуу болушу мүмкүн. Жашоого болгон көз карашыңызды өзгөртпөсөңүз, өзүңүзгө болгон ишеничти жоготосуз.  

Төртүнчү адам

Сиз жашоону кандай болсо, ошондой калыбында туура кабыл аласыз. Жашооңузда ийгиликсиз күндөр да болот. Бирок, андай абалга баары кабылат, бай да, кедей да. Ошондуктан, ката кетирбөө үчүн сын көз карашыңызды машыктырсаңыз болот.