МГИМО кыргызстандык абитуриенттерди кабыл алат. Шарт-талабы

1 апреля 2021 МГИМО кыргызстандык абитуриенттерди кабыл алат. Шарт-талабы

Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна (МГИМО) 2021-жылдын 12-апрелинен тартып 14-майга чейин бакалавриат жана магистратура программалары боюнча Кыргызстан жарандарынын документтерин кабыл алуу башталат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Конкурстук тандоого Кыргызстандын жарандары гана катышып, абитуриент бир окуу багытына гана документтерин тапшыра алат.

"Институтка Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги сунуш кылган талапкерлер Москва шаарына келери менен ЖОЖдун эрежелерине ылайык орус жана чет тили боюнча тесттен өтүшөт", — деп айтылат маалыматта.

Конкурстук тандоонун эрежелери менен ТИМ сайтынан www.mfa.gov.kg жана ТИМдин Дипломатиялык академиясынын сайтынан www.dipacademy.kg таанышууга болот.

Сынакка катышууга каттоо жана документтерди тапшыруу онлайн режиминде ТИМдин Дипломатиялык академиясынын сайтында жүргүзүлөт. www.dipacademy.kg

Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге байланышыңыздар: 0(312) 62 15 23, 62 02 83, 66 01 85.


sputnik