Алыс карма. Диетолог туура тамактануу боюнча төрт кеңеш берди

1 апреля 2021 Алыс карма. Диетолог туура тамактануу боюнча төрт кеңеш берди

Индиялык диетолог Нмами Агарвал туура тамактанууга өтөм деп жолун таппай жүргөндөргө кеңеш берди. Бул тууралуу "Известия" The Health Site басылмасына шилтеме берип жазды.

Анын айтымында, такыр ачка калбаш керек жана ашыкча тамак жеп алганда адам өзүн жемелей бергени туура эмес.

"Жашоодо ырахаттанып жашаш керек да. Турмушта мүдүрүлсөк деле туруп атпайбызбы. Тамактануу деле ошондой, башкысы ушуну менен болду деп зыяндуу тамакты катары менен жеп салбаш керек", — деген адис.

Ошондой эле диетолог алкоголдук ичимдиктерден баш тартууну сунуштады. Такыр таштай албайм дегендер кыска жана кең стакандарга караганда кууш жана узун стакандарга ичсе болот.

Андагы суюктуктун көлөмү бирдей көрүнгөнү менен адамдын мээси тик нерселерге өзгөчө баа берет. Ушундай жол менен ичимдикти азайтса болот.

Мындан сырткары, жарым фабрикаттарды албай эле койгон оң деген. Тамак-аш рационунда аларды 10–20 пайыз гана калтыруу керек.

Пайдалуу тамак-ашты көрүнүктүү жерге, зыяндуу азыктарды алысыраак жакка коюуга кеңеш берген. Себеби адам көзүнө көрүнгөн нерсени жегиси келе берет.


sputnik