Гиена кабыландын оозундагы жемин тартып алды. Видео

31 марта 2021 Гиена кабыландын оозундагы жемин тартып алды. Видео

Түштүк Африкадагы Крюгер паркына барган туристтер гиена кабыландын оозунан жемин тартып алганына күбө болушкан.

Видеону Летаба эс алуу лагеринен анча алыс эмес жерде үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн Шарлин Свейнпол тартып алган. Ролик Kruger Sightings YouTube-каналына жарыяланды.

Кадрдан көрүнүп тургандай, кабылан анын алдынан антилопанын чуркап өтүшүн чыдамкайлык менен күтүп жаткан. Бир маалда жаныбар үйүрүнөн калып калганда жырткыч аны баса калган. Бирок ары жакта турган гиена убакыттан уттурбастан леопарддын жемин оозунан жулуп алды.

Видеонун авторунун айтымында, гиена кабыландан бир кыйла күчтүүлүк кылган. Леопарддын жемин кайра тартып алуу үчүн жасаган аракетинен майнап чыккан эмес.


sputnik