Эксперт: туура тамактанган баланын ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору болот

31 марта 2021 Эксперт: туура тамактанган баланын ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору болот

Бала кезден туура тамактануу келечекте адамдын ийгиликтүү, толук кандуу болуп калыптанышына түздөн-түз таасир этет. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, эксперт Михаил Гинзбургдун айтымына таянып РИА Новости жазды.

Адис белгилегендей, азыр балдарга D витамини, омега-3 майлуу кычкылы, йод, цинк, магний жетишпейт. "Туура эмес тамактанганда адам толук кандуу өнүкпөй калат. Бирок бул акылы аз болуп калат дегенге жатпайт, болгону ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү азыраак болот", — деген адис.

Ал эксперттер туура эмес тамактануу менен маанайдын байланышы бар экенине токтолгон.

"Бала кичине кезинде ашыкча салмак менен жабыркап, толсо, анысы чоңойгондо да кайталанат. Кээ бир балдар эрте чылым чегип, ичимдикке көнүп жатканын туура эмес жана толук кандуу эмес тамактануудан көрөм", — деген эксперт.

Гинзбург балдарга керектүү витаминдер деңиз азыктарында, жашылчада, акшактын түрлөрүндө көп болорун белгилеген. Анын айтымында, туура тамактануу көп каражатты талап кылбайт, болгону ага көнүп, аны адатка айлантуу зарыл.


sputnik