Мирбек Асаналиев: "Президентке жазган катым кат куржун менен жетиптир"

6 декабря 2018 Мирбек Асаналиев: "Президентке жазган катым кат куржун менен жетиптир"

"Президентке жазган катым кат куржун менен жетиптир",-деп билдирди журналист Мирбек Асаналиев "фейсбуктагы" жеке баракчасына.

Баягы кыргыз жаранынын үй мүлкүн тартып, кылмыш ишин козготуп, кыргыз бийлиги менен уяты жок сотторду сатып алган КАЗАК жараны боюнча жазган катым Президент Сооронбай Жээнбековге жетиптир. Чалышты.

Буга чейин жетпеген каттарым, жоопсуз калган каттарым, ортодон өлүк, тириги жок жыты жок калып калчу каттарым. Эми минтип ПРЕЗИДЕНТКЕ КАТ КУРЖУН менен жетиптир, сүйүнүп калдым. Биздин да үн жетет экен деп 0312628877 номерден президенттин аппаратынан деп чалып жооптошушту. Кыргызга кыргыз душман болбосо эле акыры акыйкат бийик болот. Акчага алданып кетип атпайбызбы((((

 

Булак: Мирбек Асаналиев, сурот фейсбуктан алынды