Японияда атаандашын 6 секундада сулата чапкан нокаут катталды. Видео

23 марта 2021 Японияда атаандашын 6 секундада сулата чапкан нокаут катталды. Видео

Японияда жекшемби күнү өткөн жергиликтүү RIZIN 27 эрежесиз эр уруш мелдешинде атаандашын алты секундада сулата чапкан нокаут катталды. Окуянын видеосун аталган промоушен өзүнүн Twitter-аккаунтуна чыгарды.

ВИДЕО

​Оор салмактагы япон мушкерлеринин кармашында Цуеси Сударио мекендеши Кадзуси Миямотону оң колдоп урган соккусу менен бүк түшүргөн.

Сударио кыска убакытта эле атаандашын эки жолу жерге кулаткан. Адегенде чабуулга кирип келе жатканда каршы сокку уруп кулатып, жерден туруп келе жатканда оң колдоп урган кубаттуу соккусу менен атаандашын эстен тандырган.

Эскерте кетсек, Сударионун ата-теги сумочу болгон. Ал 2020-жылдын сентябрында эле ММА спортуна өткөн. Дебюттук беттешинде Дилон Жеймсти техникалык нокаут менен жеңип алган. Ал эми экинчи кармашында Икухиса Минованы биринчи раундда уткан.


sputnik