Сооронбаев: адам күндүз уктабашы керек

23 марта 2021 Сооронбаев: адам күндүз уктабашы керек

Медицина илимдеринин доктору, профессор Талант Сооронбаев эгерде адамдын түнкү уйкусу жакшы болсо, күндүзү уктабашы керектигин айтты.

Адам күндүз уйкусу келсе, түнкү уйкусунун сапаты начар экенин айгинелейт. Мындай маалыматты Талант Сооронбаев билдирди.

"Адам түнкүсүн сөзсүз 7-8 саат укташы керек. Күндүз саат 13:00дөн 15:00 аралыгында 40 мүнөткө чейин уктаса болот. Көп уктаган таптакыр болбойт. Негизи адам күндүз уктабашы керек. Күндүз уйкусу келгендер, демек, түнкүсүн жакшы уктаган эмес. Уйкусу канган адам күндүз уктабайт. Эки саат күндүз уктап, кайра эки саат спорт менен машыккандардыкы физиологиялык жактан абдан туура эмес. 7-8 сааттан көп уктасам ден соолугум жакшы болот дегендер да жаңылышат", — деди Сооронбаев.

Ошондой эле дарыгер ашыкча уктоо адамдын ден соолугуна олуттуу зыян келтирерин кошумчалады.


sputnik