Кыргыз кызы Казандагы сынакта вице-мисс болду. Сүрөт

23 марта 2021 Кыргыз кызы Казандагы сынакта вице-мисс болду. Сүрөт

Кыргызстандык Диана Зулпуева Казань шаарында өткөн "Нооруз сулуусу — 2021" сынагында байгелүү орунга татыды. Бул туурасында "Татар-информ" кабарлады.

Сулуулар жарышы Нооруздун урматына уюштурулуп, ага Кыргызстан, Татарстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Башкыртстандан кыздар катышкан.

Калыстар тобу жеңүүчү деп казакстандык Карина Кабдуллинаны тандашты. Вице-мисс өзбекстандык Юлия Ким болсо, экинчи вице-сулуу наамы кыргызстандык Диана Зулпуевага ыйгарылды.

Татарстандык чүрөк Камилла Равилова эң эле уялчаак сулуу, тажикстандык Сабрина Борзова эң жагымдуу селки деп табылды. Күйөрмөндардын арзуусуна башкыртстандык Яна Анварова татыган.


sputnik