Эпидемиолог бет кап тагынуу канча жылга созулушу мүмкүн экенин айтты

23 марта 2021 Эпидемиолог бет кап тагынуу канча жылга созулушу мүмкүн экенин айтты

Англиянын коомдук саламаттык сактоо департаментинин иммунизациялоо бөлүмүнүн жетекчиси Мэри Рамзи эл бир нече жылга чейин бет капты түшүрбөй тагынып, аралыкты сактоого туура келерин божомолдогон.

Анын айтымында, жер жүзүндөгү адамдар эмдөө жогорку жана жетиштүү деңгээлде жүргүзүлүп, ооругандардын саны азайгандан кийин гана бет каптан баш тарта алат.

"Жөнөкөй тил менен айтканда, бет капты биз мурдагыдай жай турмушка кайткыча түшүрбөй киебиз", — деген Рамзи.

Буга чейин ДССУнун Европа аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюге коронавирус пандемиясы кийинки жылдын башында аякташы мүмкүн экенин божомолдогон.


sputnik