Россияда ресторан спорту боюнча турнирде Кыргызстан командасы жеңишке жетти

22 марта 2021 Россияда ресторан спорту боюнча турнирде Кыргызстан командасы жеңишке жетти

Ашпозчу Тахир Эргашов баштаган кыргызстандык кулинарлар командасы Россияда өткөн ресторан спорту боюнча Russia Open деп аталган эл аралык турнирде биринчи орунду алышты. Бул тууралуу Тахир Эргашов өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу билдирген.

Ресторан спорту боюнча бүткүл дүйнөлүк федерациянын сайтында жазылгандай (WFRS), эл аралык турнир 19-марттан 21-мартка чейин Санкт-Петербург шаарында өткөн.

Турнирдин катышуучулары ылдамдык, эстетика, сапаттуу даярдоо жана тамакты берүүдөгү өзгөчөлүк боюнча жарышкан.

ВИДЕО

Иш-чарага сегиз мамлекеттен 12 команда катышкан. Алар: Азербайжан, Афганистан, Болгария, Индия, Кыргызстан, Пакистан, Россия жана Өзбекстан. Жыйынтыгында финалга алты команда чыккан.

Турнирдин жыйынтыгында биринчи орунду Санкт-Петербург командасы менен Кыргызстандан барган ашпозчулар бөлүп алган. Алар Санкт-Петербург өкмөтүнүн кубогун уткан. Мындан сырткары, үч категория боюнча медаль, WFRS сертификаттары менен сыйланышкан.

Экинчи орунду Воронежден барган команда алса, үчүнчү орун Санкт-Петербургдан чыккан Кирилл Карамановдун командасына тийген.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай мелдештер ресторан сервисин жайылтууга көмөктөшүп, улуттар аралык байланышты бекемдейт.

sputnik